Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн

Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн

Сентябрь айында ири компаниялар 460 млн сомдон ашык суммадагы салыктарды алдын ала төлөшкөн. Бул тууралуу osoo.kg билдирди.

2021-жылдын сентябрь айында КРнын ири салык төлөөчүлөрү салыктын ар кандай түрлөрү боюнча аванс катары бюджетке 460 млн сомдон ашык акча төлөшкөн. Мамлекетке эң ири төлөмдөр төмөнкү компаниялар тарабынан аткарылган:

  • «Түштүк Кыргыз Цемент» ЖАК– 155.8 млн сом
  • «Газпромнефть-Азия Оперейтинг компаниясы» ЖЧК – 170 млн сом
  • «Альфа Ойл» ЖЧК – 50 млн сом
  • «Альфа Телеком» ЖАК – 20 млн сом
  • «Теллур» ЖЧК – 10 млн сом
  • Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы – 6 млн сом
  • «Партнер Нефть» ЖЧК – 4 млн сом

Ушул жылдын сентябрь айында аванс менен салык төлөгөн ири компаниялардын катарында «КАЗ Минерал Бозымчак» ЖЧК, «Автомаш Радиатор» ЖЧК, «ТД Сласть» ЖЧК, «Горно-промышленная компания Природное золото» ЖЧК, «ПЭЙ 24» ЖЧК жана «Бакай», «Бай-Түшүм», «Оптима», «Керемет Банк», «Капитал Банк», «Айыл Банк» банктары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин үчүнчү этабы башталат

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмүн жаңылоонун алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, оңдоо иштеринин биринчи этабы 2026-жылдын 23-26-июнунда ийгиликтүү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси жасалды. Экинчи этап 2026-жылдын 27-

Балыкчы – Жалал-Абад жолу  ачылды

Балыкчы – Жалал-Абад жолу ачылды

4-июлда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине  сел түшүп, жол убактылуу жабылган.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, жеринде министрликтин Жол экспулатациялоо мекемеси  тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, жол учурда бир тараптуу ачылды.  Транспорт жана

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана