10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1.5 миң доллардан насыя берилет

10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1.5 миң доллардан насыя берилет

ЖКнын жыйынында КР менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору жана «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорун каржылоо жөнүндө келишимге киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, ратификациялык мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, бул пилоттук долбоор буга чейин Ысык-Көл облусунда сыноодон ийгиликтүү өтүп жатканына байланыштуу, эми ага Нарын менен Талас облустары кошулуп жатат.

Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциясы Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында уйлардын тукумун жакшыртуу жана сүттүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 17 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын жарымы жеңилдетилген насыя жана жарымы грантык каражат болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0.75%дык үстөгү менен берилүүдө.

Долбоорго өзгөртүүлөр киргизиле турган болсо, 10 миң фермерге 3 жылдык мөөнөт менен 1.5 миң доллардан насыя берилет. Жыйналып алынган каражат кайрадан башка фермерлерге бериле берет.

Белгилей кетсек, алдынала макулдашууга ылайык, эгерде бул келишим 2021-жылдын 29-октябрына чейин ратификацияланып калса, 2022-жылдын 1-январында каржылоо жол-жоболору башталаары күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи