Акылбек Жапаров өзү «олигарх эмес», бирок анын келинчеги кандай бизнес менен алектенет?

Акылбек Жапаров өзү «олигарх эмес», бирок анын келинчеги кандай бизнес менен алектенет?

«Сиз өзүңүздү олигархтардын катарындамын деп эсептейсизби?» деген суроону Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Кемелов Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго парламенттин жыйынында берди.

«Мен олигарх эмесмин. Бизнес менен алектенбейм. Бизнести келинчегим жүргүзөт. Бир да жолу мамлекеттик тендерлерге катышкан эмес. Конфет алып-келип сатчу. Аткезчилик көбөйгөндөн кийин ал бизнесин да токтотту. Азыр алма өстүрөт. 10 жылдын ичинде 1.2 млрд сомдон ашык салык төлөдү», – деди  Акылбек Жапаров.

Бирок «ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөчү журналисттери үч ай бою иликтеп, Мальталык компаниялар ээлик кылган кыргызстандык компанияларды Акылбек Жапаровдун адамдары башкараарын жана ал иштерде келинчеги Анара Жапарованын аты аталгандыгын жазып чыгышкан.

Канттагы ферма жана Мальтадагы акциялар

Иликтөөдө айтылган маалыматка таянсак, 2020-жылдын октябрь айынын аягында Кыргызстандын азыркы тапта жоюлуп кеткен финансылык полициясы пресс-релиз таратып, Кант шаарында жайгашкан МИС (Машиноиспытательная станция) салыкты жашырып төлөбөй жүргөнүн билдирген. «30 кыймылсыз мүлкү бар МИС ири айланткан акчасына карабай, нөл менен отчет тапшырып жүргөн», – деп билдирген мекеме.

Мындан сырткары финпол акционердик коомдун негизги акционерлери Акылбек Жапаровдун жубайы Анара Жапарова жана мальталык оффшордук компания Eurasia Capital Limited экенин дагы белгилеген. Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн 2021-жылдын 10-мартына карата маалыматы боюнча, МИСтин 98.3% акциясы Eurasia Capital Limited компаниясына тийиштүү деп айтылат чоң иликтөөдө.

Ошол эле иликтөөдө МИС Финансы министрлигинен алган ссудасын төлөбөй койгондугу, 2021-жылдын март айына карата минфиндин берген маалыматында, МИС мамлекетке 127.1 млн сом карыз экендиги жана учурда кылмыш иши 2017-жылы козголгонуна карабай, дагы деле УКМКда иликтенип жаткандыгы, УКМКнын пресс-релизинде 95% акциянын ээлери Акылбек Жапаровго тиешеси бар адамдар болгондугу айтылат.

Ал эми жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Жапаров МИС 200 млн сом ссуданы толугу менен төлөгөнүн билдирди.

Мальталык компаниялар кантип Кыргызстанда ишканаларын ачып калышкан?

Жогоруда аталган басылманын журналисттери, реестрден алынган жана Юстиция министрлигинен сурап алган маалыматтарына ылайык, мальталык компаниялар МИСтен башка дагы бир катар компанияларды ачышканын көрсөткөн.

Жергиликтүү «Ала-Тоо Импекс» компаниясы 2004-жылы катталып, 2008-жылы директорун алмаштырган. Бирок ал компаниянын негиздөөчүсү дагы буга чейин айтылган Eurasia Capital Limited компаниясы экени кызык, аны менен бирге эле бул компанияга дагы бир Oracul Investments for CIS and Eastern Europe Ltd компаниясы кошо ээлик кылат. Бул компания дагы ICIJ уюмунун маалыматтык базасында бар жана ал дагы Мальтада катталган.

Журналисттер компаниянын негиздөөчүлөрү тууралуу алган маалыматтарга караганда,  «Ала-Тоо Импекс» компаниясынын баштапкы негиздөөчүсү Oracul Investments компаниясы болгон, бирок 2008-жылы негиздөөчүлөрдүн жыйынында дагы бир Eurasia Capital Limited компаниясын негиздөөчүлөрдүн катарына киргизишкен. Бул эки компаниянын тең директору Питер Мамо аттуу Мальтанын жараны.

Документтерде дагы орусиялык эки жарандын аты аталат – «Ала-Тоо Импексте» мурда негиздөөчү болгон Виталий Слуцкий жана анын атынан ишеним кат менен компаниянын ишине аралашкан Дмитрий Орлов.

Бул компаниянын директору азыркыга чейин Уланбек Абыкеев – ал Акылбек Жапаров парламенттин депутаты болуп турганда 2000-жылы жардамчысы болгон жана 2011-жылы Жапаров президенттик шайлоого ат салышып жатканда анын финансы боюнча ишенимдүү өкүлү болгон.

Документтер боюнча «Ала-Тоо Импекс» товарларды дүңүнөн сатуу менен алектенери жазылган, бирок бул компания кандайдыр бир активдүү иш кылганы белгисиз, анткени, «Ачык бюджеттин» маалыматтык базасы нөл боюнча отчет тапшырып жүргөнүн көрсөтүп турат.


2015-жылы «Ала-Тоо Импекс» – «Ала-Тоо Рэнт» деп аталган жаңы компания негизделген. Бул компаниянын дагы директору баягы эле Уланбек Абыкеев болот. Компания Бишкектин борборундагы Шопоков 93/2 дарегине катталган. Бул жерде офистерди ижарага берген көп кабаттуу имарат жайгашкан. Арендаторлордун берген маалыматына караганда, ал дагы Акылбек Жапаровго караштуу имарат.

«Жапаров дагы эки-үчөөбүз чогуу ээлик кылабыз деп айткан. Офис боюнча Жапаровдун өзү менен эле түз сүйлөшкөнбүз», – деп айтат ал имараттан 2015-жылы офисти ижарага алган ишкер.

Акылбек Жапаров жана Анара Жапарова

Минюсттун маалыматына караганда, Абыкеев эки коомдук фонддун жана саясий партиянын жана бир ЖЧКнын негиздөөчүсү, андан башка бизнес ачкан эмес.

Аны менен катар эле 4 компанияда директор болуп жазылган (Ала-Тоо Рэнтти кошкондо). Алардын биринде Акылбек Жапаровдун кызы Саадат менен байланышы бар.

2009-жылы ачылып, Уланбек Абыкеев директорлук кылган «Глобалико Холдингс» компаниясы, Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылган «Дамас-Фарм» деп аталган компаниянын дагы негиздөөчүлөрүнүн бири. Абыкеев журналисттерге Анара Жапарова менен фармацевтика тармагында бизнес жасап көрөлү деп, бирок иши жүрүшпөгөнүнөн токтотуп коюшканын айткан.

«Глобалико Холдингс» компаниясы тууралуу маалыматтарды текшерип жатып, журналисттер бул компанияны дагы аталышы ушундай эле болгон Мальтадагы компания ачканын табышкан. «Глобалико Холдингс» Бишкектин так борборундагы «Дамас» деп аталган төрт жылдыздуу мейманканага ээлик кылат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи