Жаңы Министрлер кабинети банк секторунда эмнелерди өзгөртүшү мүмкүн? – «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкына айланышы мүмкүн

Жаңы Министрлер кабинети банк секторунда эмнелерди өзгөртүшү мүмкүн? – «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкына айланышы мүмкүн

Жаңы Министрлер кабинети мамлекеттик банктардын бирин Өнүктүрүү банкына айлантышы мүмкүн. Бул тууралуу кечээ, 13-октябрда ЖКнын жалпы жыйынында белгилүү болду.

Президенттин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров депутат Экмат Байпакбаевдин банк секторунда реформалар качан болоору тууралуу суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик банктардын бирин Өнүктүрүү банкына айлантса болоорун жана алардын уставдык капиталдарын көтөрүү маселеси тууралуу айтты.

«Айыл Банктын» уставдык капиталын жакында 100 млн долларга жеткиребиз, «РСК» менен «Керемет Банктын» уставдык капиталы буга чейин 100 млн долларга жеткен, «Кепилдик фонду» дагы 100 млн долларга жетет. Эгерде биз төртөөнү бириктирсек,  анда өнүктүрүү механизмдери жана инструменттери пайда болот. Келечекте уставдык капиталды дагы көбөйтүү пландары бар», – деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкы болушу мүмкүн деген оюн да айтты.

«Бирок менин пикиримде, эгер «Керемет Банк» капиталдаштырылса, биз аны Улуттук банктан сатып алып, аны өнүктүрүү банкы кылууга даярбыз. Бул жылы биринчи жолу ал киреше менен чыгат. Мамлекеттик банктардын бири ипотекалык багытта иштеши керек. Албетте, «Айыл Банк» айыл чарбасы багытында иштейт, ал эми «РСК» же «Керемет» Өнүктүрүү банкы болуп калышы мүмкүн. Жаңы жылга чейин чечим кабыл алынат», – деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи