«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров

«Центерра Голд» КРдан чыгып кетүүгө даяр, бирок биздин 26% акциябызды сурашууда – Акылбек Жапаров

«Центерра Голд» компаниясы Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров Азаттыкка билдирди. Бирок алар Кыргызстандын 26% акциясына кызыкдар.

Швейцариянын Женева шаарындагы Кумтөр кени тууралуу «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктаганы менен анын мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат айтылган эмес. Буга эки тараптын сүйлөшүүнүн жыйынтыгын купуя сактоо келишими себеп болгон.

Бирок Министрлер кабинетинин 12-октябрда жаңы дайындалган төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» учкай маек куруп, бул маселе боюнча маалыматтын четин чыгарды. Анын айтымында, канадалык компания Кыргызстандан чыгып кете турганын билдирген. Бирок алар шарт койгон.

 «Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. «Центерра» менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок «силер 26% акцияңарды бизге берсеңер» деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

«Центерра» компаниясы Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда өткөн сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Акылбек Жапаров баштап барган. Анын курамында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер болгон. Экинчи тараптан барган топтун башында «Центерра Голд» компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри турган.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи