Корея КРда жаңы технологиялар менен жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кызыкдар

Корея КРда жаңы технологиялар менен жашылча-жемиштерди өстүрүүгө кызыкдар

Корея KOICA линиясы аркылуу КРда «Акылдуу ферма» гранттык долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул тууралуу Экономика минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 14-октябрда КРнын Экономика жана Соода министрлигинде бүгүн Бишкекте өтүүсү пландаштырылган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корея өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумуна даярдык көрүү үчүн министрдин орун басары Руслан Татиков Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууга Корея тараптан Кореянын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүүгө жардам берүү иштери департаментинин башчысы Го Ён Гол жана «КРгы Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин» директору (KOICA) Ли Жонг Су катышты.

Белгилүү болгондой, учурда кореялыктар KOICA линиясы аркылуу КРда «Акылдуу ферма» гранттык долбоорун, атап айтканда, «КРда жогорку технологиялуу агроөнөр жай комплексинин пилоттук долбоорун түзүү» мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бул жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн температураны жана нымдуулукту дистанциялык көзөмөлдөө жана контролдоо сыяктуу күнөсканаларды башкаруунун акылдуу функцияларын колдонуу сыяктуу жаңы технологияларды ичине камтымакчы.

Тараптар 2021-жылы Кыргызстандын жакынкы 5 жыл ичинде Өнүктүрүү боюнча расмий жардамды алуу үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн тизмесине киришине байланыштуу КРда биргелешкен социалдык маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти.

Ошондой эле кореялыктар KOICA менен кызматташуунун алкагында жакынкы келечекте экология, айыл-чарба, мамлекеттик башкаруу жана ден соолук багыттарында иш алпарууну белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи