Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм

Тенгиз Бөлтүрүк: «Кумтөрдөн» канча киреше түшүп жатканын айта албайм

Азыркы тапта Кумтөрдү башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк Женевадагы жолугушууга канадалык компания чакырганын, кийинки сүйлөшүүлөр Кыргызстанда өтүшү мүмкүндүгүн айтканын «Азаттык» билдирди.

«Кумтөрдүн каржылык абалы мыкты. Канча киреше түшүп жатканын айта албайм. Бирок анын көлөмү жогору экенине токтоло кетейин. Биз стратегияны алмаштырдык. Азыр жер астына түшө баштадык. Мындан тышкары калдыктарды кайра иштетүүнү пландап жатабыз. Андыктан убакыт бизге иштеп жатат. «Центерра Голд» компанисына 70% кирешени Кумтөр алып келип жатканын айтып, «саан уй» биздин колдо экенин түшүндүрдүк. Бизге керек болгон Кумтөрдү алдык. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес. Муну алар дагы түшүнүп турат. Азыр компенсация жөнүндө эле сөз болуп, ажырашканда мүлк кандай бөлүштүрүлө турганы чечилүүдө.Менин оюмча алар жакын арада Кыргызстанга келет. Биз күтүп жатабыз», – деген ал «Азаттыкка» .

  • Скотт Пери сөз кылган Кыргызстандын «Центерра Голддогу» акциясынын саны 77 млн. 401 миң 766. Бул жалпы акциянын 26% түзөт. Кыргызстан соңку жолу 2016-2020-жылдар үчүн 2.2 млн доллар дивидент алган. Эл аралык Yahoo! Finance сайтындагы маалыматка ылайык, 14-октябрда «Центерранын» бир акциясы Торонто фондулук биржасында 7.53 АКШ долларына бааланып турат. Аны «Кыргыз алтын» аркылуу көзөмөлдөнгөн акциянын санына көбөйтсөк, 582 млн 835 миң 297 АКШ доллары чыгып жатат. Бир жыл мурун Кыргызстандын «Центеррадагы» акциясынын наркы 1 млрд 100 млн доллардан ашып турган.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи