КРнын Түркиядагы элчиси каякта? Өргүүгө кеткен боюнча кайрылып келген эмес

КРнын Түркиядагы элчиси каякта? Өргүүгө кеткен боюнча кайрылып келген эмес

Бүгүн, 18-октябрда, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевди жоктошту. Депуттаттар ага чакыруу жибергенден кийин өргүүгө чыгып кеткенин жана Түркиядагы кайнатасы тарабынан өлтүрүлгөн жарандын маселеси турса, ал эс алууда жүргөнүн туура эмес деген пикирлерин айтышты.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев эс алууда экенин айтып, анын катышуусун 1-2 жумадан кийин камсыздап берүүнү сунуштады.

Элчинин эс алууда Кыргызстанда эле жүргөнүн уккан депутаттар эки саатка келүүгө убактысы жок экендигин айтып нааразы болушту.

Депутат Шайлообек Атазов: «Биз аны качан эле чакырбадык беле. Биз аны соттоюн деген оюбуз жок. Бул жер тергөөчүлүк эмес. Ал учурдагы кырдаалдан качып эле, эс алууга чыгып кеткендей көрүнүп жатат.  Түркиядагы мигранттардын укугу тебеленип жатат. Груз-200 болсо документтери табылбай турат. Мындай учурда элчи иштеш керек. Угуп жаткан болсо айтып коеюн, келгенде инвестициялар тууралуу, КР менен Түркиянын ортосундагы мамилелер тууралуу сурайлы деген максатта эле чакырганбыз. Биз чакыргандан кийин эс алууга чыгып кеткени бул туура эмес», – деди.

Депутат Айбек Осмонов Түркияда кайнатасы тарабынан өлтүрүлгөн кыргыз жараны жана КР менен Түркия ортосундагы 100дөн ашык келишимдердин көбү аткарылбай турганын, ошондой эле бул иштерди аткаруу элчинин милдети экенин баса белгиледи.

«Түркиядагы мигранттарыбыздын акыркы күндөрү абалы оор болуп турат. Кечээ эле Аят деген кызды көрдүңүздөр, кайнатасынын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Ушундай иштер болуп жатканда анын эс алууга чыгып кеткени туура эмес. 2016-жылы Малика деген кызыбыз дагы ушундай болуп көз жумган. Ушул күнгө чейин 5 жылдан бери соту чечилбей келет. КР менен Түркиянын ортосунда 100дөн ашык келишимдерибиз бар, алардын кайсынысы аткарылды, кайсылар аткарылбай жатат, ошол боюнча маалымат алалы деген болчук.

КРга 35 млн долларга мечит салып береген TIKA деген уюм бар, алардан Ош шаарына оорукана салып берүүсүн сураныш керек. Элчи болгондон кийин бул сыяктуу иштерди жасаш керек да. Макул, инвестиция тарта албайт экен, колунан келбейт экен, уюмдар бар да иштешүүгө даяр турган. Ал уюм дүйнөдө 25 миң долбоорду ишке ашырган. Ош шаарында оорулуулар жатканга жай жок, элчи ошондой уюмдар менен сүйлөшүп, аларды тартып келбейби? Бюджети миллиарддаган доллар болгон бул уюм менен эмне үчүн иштешпейт? Анталияга бала кароочу болуп барган кыз-келиндерибиз психологиялык жактан көп жабыркайт, кайсы жака кайрылышын да билишпейт. Келсе сунуштарыбызды бермекпиз, жетишпей жаткан болсо. Коңшу мамлекеттер канча соцобъекттерин куруп иштешип жатышат, бизчи? Биз чакыргандан кийин өргүүгө чыгып кеткени туура эмес», – деди ал.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин башчысы Тазабек Икрамов дагы ТИМдин орун басарына депутаттардын пикири жүйөөлүү экендигин, элчи 2 аптада бардык депутаттар шайлоого кетип, бул маселе унутулат деген ойдо болуп жаткандыгын, алардын бул жыйынга катышуусуна министрлик жоопкерчиликтүү экенин билдирди. Ошентип элчини кийинки биринчи күндөгү боло турган комитетке келишине ишенээрин айтты.  

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи