10 миң литр бензин 2 млрд 840 млн сомго алынат. Тендер жарыялаган мамлекеттик кызматкердин жообу

10 миң литр бензин 2 млрд 840 млн сомго алынат. Тендер жарыялаган мамлекеттик кызматкердин жообу

Бишкек шаарынын Ленин районунун күзөт бөлүмү мамлекеттик сатып алуу порталында АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга жарыялаган тендердин баасы тууралуу комментарий берди.

Эске салсак, ИИМдин мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Бишкектеги Ленин районунун күзөт бөлүмү АИ-92 бензининин 10 миң литрин 2 млрд 840 млн сомго сатып алууга 15-октябрда тендер жарыялаган. Бул  маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган болчу.

Economist.kg аталган бөлүм кантип 1 литр күйүүчү майга 284 миң сом төлөй тургандыгын билүү үчүн Ленин районунун күзөт бөлүмүнө кайрылды.

Аталган бөлүмдүн улук инспектору Курал Баймырзаевдин айтымында, жазылган баа туура эмес кетип калган жана күнөө сатып алуулар порталында.

«Биз маалымат жарыялангандан 1 саттан кийин эле өзгөртүү киргизгенбиз, бирок мамлекеттик сатып алуулар порталында ал сан өзгөрбөй тура берет экен. Биз АИ-92 бензининин 10 миң литрин 58.5 сомдон 585 миң сомго эле сатып алууну эле көздөп жатканбыз», – деди ал.

Техникалык ката кантип кетти, 2 млрд 840 млн сом менен 585 миң сомдун айырмасы чоң болуп турат, кошумча, анчалык деле окшош сандар эмес го деген сурообузга «артында нөлдөр кошулуп кетиптир» деген жообун берди.

«Биздин планыбызда андай акчабыз жок да, негизи портал өткөрбөш керек болчу. Артына жанагы нөлдөр кошулуп кетиптир. Биз бул тендерди жарыялаганга чейин мониторинг жүргүзгөн болчубуз. 10 тоннасын 585 миң сомго эле сатып алмакпыз», – деди улук инспектор.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын бардык телефондору өчүк болгондуктан, кандайдыр бир маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи