ОКӨФ Ош шаарындагы ири тигүү фабрикасынын курулушун каржылайт

ОКӨФ Ош шаарындагы ири тигүү фабрикасынын курулушун каржылайт

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Ош шаарындагы тигүү фабрикасынын курулушун каржылайт. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, ОКӨФ менен «Кыргыз Текстиль Лтд»  ЖЧКнын ортосунда 4.3 млн долларлык кредиттик келишимге 15-октябрда кол коюлган.

Өндүрүштүн көлөмү жылына 7 миллиондон ашык кийимди түзөт. Фабрика ата мекендик чийки заттардан текстиль продукциясын өндүрүүнүн толук циклин ишке ашыра турган ири масштабдагы текстиль кластеринин биринчи этабы болмокчу.

Берилген каражатка заманбап тигүү үчүн япон жана европалык жабдуулар сатылып алынат. Бул текстиль кластеринин инфраструктурасынын көбү буга чейин эле 20 млн доллардан ашык суммага «Кыргыз Текстиль Лтд» ишканасынын  жеке каражаттарынын эсебинен курулган.

Фонддун төрагасы Артем Новиковдун айтымында, долбоордун эсебинен 900дөн ашык жумушчу оруну түзүлөт. Бул түштүк региондорунда пахта эгүүдөн баштап, даяр продукцияны экспорттоого чейин токулган жана кийим тигүүчү ири кластерди ишке ашыруунун биринчи этабы.

Долбоор Кыргызстандын экономикасына комплекстүү таасирин тийгизет, мамлекеттик бюджетке салык жана социалдык чегерүүлөр түрүндөгү төлөмдөрдү жылына 5 млн долларга чейин жогорулатат. Ошондой эле өлкөгө экспорттук кирешелердин агымын көбөйтөт, анткени продукциянын 90%ы Россияга жана ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот.

Эскерте кетсек, бул тигүү фабрикасынын курулушу тууралуу Новиковдун түштүккө болгон биринчи сапарында айтылган болчу. Белгилей кетсек, учурда ОКӨФтүн портфелине түз каржыланган 67 долбоор жана коммерциялык банктар менен микрофинансылык уюмдар аркылуу каржыланган 2973 долбоор кирет. Берилген кредиттердин жалпы суммасы – 384 млн долларды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи