Бюджеттен 480 млн сом бергиле, врачтарга беребиз – Саламаттыкты сактоо министри

Бюджеттен 480 млн сом бергиле, врачтарга беребиз – Саламаттыкты сактоо министри

Бүгүн, 19-октябрда, Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бюджеттен министрликтин социалдык фондуна 480 млн (5 млн 650 миң доллар) жана «кызыл зонада» иштеген врачтарга 100 млн сом (1 млн 200 миң доллар) сурады. Кошумча алардын сентябрь айындагы айлык акысы бериле электигин айтты.

Кошумчалай кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиев комитетте министрликтин тескемесин жардамчысынын жардамы менен такалып жатып окуду.

Депутат Тариел Жоробеков министрге медициналык кызматкерлерге убагында компенсация төлөнбөй жаткандыгын айтып, бир топ суроолорду берип, 480 млн сом кайсы жака кетерин сурады.

Министр 280 млн сом карыз бар экендигин, алынуучу каражат августтан баштап 2022-жылдын январына чейин бериле тургандыгын, 243 млн сомдун 230 млн сому берилгендигин, учурда министрликтин бюджетинде 13 млн сом бар экенин билдирди.

Тариел Жоробеков бардык документтерди бүтүрүп бергенине карабай, медициналык кызматкерлер компенсация ала албай жүрүшкөнүн айтты.

«Сиз дайыма ушинтип жооп бересиз. Министр катары айткан убадаларыңызды аткара элексиз. Жетекчилик кызматта турганда жоопкерчилик болуш керек, айтылган сөздү аткарыш керек. 2020-жылы ноябрда ооруган медиктер 2021-жылы 1-июнда сиз айтып жаткан документтердин баарын бүтүрүп берген, андан бери 5 ай болду, эмнеге берилбей жатат? Кудайды карап калп айтпайсыңарбы? Акча бар экен, өзүңөрдүн коллегаңарды аяп, убагында берип койсоңор болбойбу», – деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри бүгүн эле жыйын өткөрүп, ким ката кетиргенин табууга сөз берди.

Бюджеттен суралган 480 млн сомду берүүнү комитетте бир добуштан колдоп беришти.

Кошумча окусаңыз болот:

Министр-бизнесмен – Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кандай бизнестерге ээлик кылат?

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи