Эл Баткенге жардамга берген акча кайда жумшалды? – отчет

Эл Баткенге жардамга берген акча кайда жумшалды? – отчет

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Economist.kg финансылык басылмасына Баткендеги 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуядан жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүү үчүн, облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине элден келип түшкөн акча каражаты каякка жумшалгандыгы тууралуу отчетун берди.

Берилген маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпысынан 140 үй курулуп, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу дагы аяктоо алдында турат. Анын тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө үй ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, жеке ишкерлердин колдоосу менен 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган.

Чек арадагы орун алган окуядан соң Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө атайын эсеп ачылып, жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүгө жалпы жалпы элден, жеке ишкерлерден, эмгек мигранттарынан атайын эсепке 119 млн 695миң 848 сом топтолгон.

«Жалпысынан атайын эсепке 119 млн 695миң 848 сом түштү. Бүгүнкү күндө анын 72 млн 683миң 164 сомуна Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан тендер жарыяланып, анын 52 млн 98 миң 815 сомдук атайын комиссиянын макулдугунун негизинде жумуш аткарылып, 20 млн 584 миң 349 сомдук жумуш аткаруу алдында турат. Ал эми ден соолугунан жабыр тарткан 16 жарандын дарылануусу жана чек арадагы айылдардын тургундарынын 50 баласын эс алдыруусуна 1 млн 799 миң 750 сом жумшалды. Калган 65 млн 847 миң 283 сом акча каражаты чек арадагы айылдардагы элден, айыл өкмөттөрдөн, район акимдеринин берген сунуштарынын негизинде Министрлер Кабинетинин төрагасы баш болгон атайын комиссиянын чечимине ылайык жумшалат», – деп билдирди өкүлчүлүктөн.

Лейлек району боюнча:

  • Баткен, Лейлек райондорундагы 140 үйдүн  жылуулук ситемасын курууга 33 млн 813 миң 220 сомго келишим түзүлүп, 16 млн 906 миң 60 0сом которулган
  • Максат айылын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 12 млн 830 миң сомго келишим түзүлүп, 12 млн 492 миң 551сом которулган
  • Максат айылынын кире беришине арка курууга 1 млн 798 миң сомго келишим түзүлүп, 899 миң сом которулган
  • Лейлек районунун Максат айылын жарыктандыруу үчүн 7 млн 181 миң сомго келишим түзүлүп, 6 млн 590 миң  600 сом которулган.

Баткен району боюнча:

  • Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы үйлөрдүн короосун тосконго 3 млн 699 миң 519 сомго келишим түзүлүп, 1 млн 84 9миң 800 сом которулган
  • Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Сулууданги Ак-Сай» таза cуусун реконструкциялоо үчүн 1 млн 273 миң 122 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулуп берилген

36 шейит кеткен жарандардын жакындарыны колдоо максатында курулган 36 үйгө кошумча жумшалган акча каражаты:

  • чек ара жаңжалында каза болгон жарандардын жакындары үчүн  Баткен шаарында курулган 36 үйдүн канализациясын курууга 8 млн 681 миң 188 сомго келишим түзүлүп, ага каражат толугу менен которулган
  • ушул эле 36 үйдүн айланасын тосконго жана жылытуу сиситемасына 3 млн 406 миң 96 сомго келишим түзүлүп, толугу менен акча каражаты которулган.

Кошумча:

  • Ал эми ден соолугунан жараат алган 16 жаранга дарылануусу үчүн  – 1 млн 570 миң сом толугу менен бөлүнүп берилген
  • Чек ара чырында жабыр тарткан айылдардагы жашоочулардын окуучу балдарын эс алдыруусуна – 229миң 750 сом каралган.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебинде азыркы күндө 65 млн 847 миң 283 сом акча каражаты калган. Анын 20 млн 584 миң 349 сому түзүлгөн келишимдин негизинде жумуштар аткарылып бүткөрүлгөндө которулуп берилет. Учурда 45 млн 262 миң 934 сом акча каражаты үчүн элдин сунушу менен атайын комиссиянын тыкыр көзөмөлүнүн негизинде ачык-айкын сарпталат дейт өкүлчүлүк.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жалпы Баткен элинин атынан Баткенге колдоо көрсөткөн жалпы жарандарга, жеке ишкерлерге, чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында эмгектенген мекендештерге терең ыраазычылык билдирет.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи