КФБда сооданын көлөмү 4.2 млн сомду түздү

КФБда сооданын көлөмү 4.2 млн сомду түздү

Өткөн аптада Кыргыз фондулук биржасындагы сооданын көлөмү 12%га азайып, 4.2 млн сомду түздү, айтсак, келишимдер корпоративдик баалуу кагаздардын катталуусу менен гана чектелди. Бул тууралуу КФБнын сайтында айтылат.

Сооданын көлөмүнүн төмөндөшү корпоративдик облигацияларды кошпогондо бардык секторлордо байкалган. Баштапкы рыногунда акцияларды жайгаштыруу боюнча келишимдер болгон жок, сооданын бүткүл көлөмү корпоративдик облигацияларга туура келген, аларды жайгаштырууну «Салым Финанс» ААК жана «Биринчи металлобаза» ЖЧК жүргүзүштү. Алардын жалпы көлөмү 2.5 млн сомду түздү.

  • «Биринчи металлобаза» ЖЧК 5-чыгарылышынын облигацияларын жума ичинде 2.2 млн сомго (+67%), эмиссиясы 2/3 менен жайгаштырган.
  • «Салым Финанс» болсо жума ичинде 0.3 млн сомго (+76%) облигацияларын сатты.

Экинчи рынок бөлүмүндө 1.7 млн сом суммасындагы 13 гана келишим жүргүзүлгөн, алардын көпчүлүгүн 1 млн сом суммасындагы жөнөкөй акциялары менен чыккан «Ош-Сүт» ААК ээледи.

Бир жумадагы соода көлөмүнүн 72%ын листингдик компаниялардын облигациялары, анын ичинде «АБН» жана «Салым Финанс» микрофинансылык компаниялардын, ошондой эле «Биринчи металлобаза» ЖЧКнын облигациялары ээледи.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи