Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге азайган

Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге азайган

Мамлекеттик бюджеттин социалдык коргоого кетирген чыгымдары беш жылдын ичинде 1.5 эсеге аз өстү. Бул тууралуу Улутстаткомдун Социалдык коргоо кызматкерлеринин жана профсоюздарынын күнүнө арналган маалыматында айтылат.

2020-жылы социалдык коргоого жумшалуучу каражаттардын көлөмү 2016-жылга салыштырганда 1.4 эсеге көбөйгөн жана 34 млрд сомду түзгөн. Акыркы беш жылда мамлекеттик бюджеттен социалдык жактан коргоого анын ичинде Социалдык фондго бөлүнгөн каражаттарга карата чыгымдары орточо эсеп менен алганда чыгашаларынын 16дан 20%га чейин туура келген.

2020-жылдын аягында мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын саны 436 миңге жакын адамды түзгөн. Ошол эле учурда 105.8 миң үй-бүлө, же 340.5 миң адам аз камсыз болгон, ал эми 95.4 миң адам социалдык жөлөкпул алуучулар болуп саналат.

Беш жылдын ичинде (2016-жылдан 2020-жылга чейин) социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жана аз камсыз болгондор үчүн ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулдун өлчөмү 1.3 эсеге көбөйүп, 2020-жылдын аягында бир алуучуга 868.6 сомду түздү.

2020-жылдын аягына карата пенсия алуучулардын саны, Социалдык фонддун, башка министерликтердин жана ведомстволордун пенсиялык органдарында каттоодо  тургандар, 736 миң адамды түзгөн.

Беш жылдын ичинде дайындалган айлык пенсиялардын орточо өлчөмү 2016-жылы 5 235 сомдон, ал эми 2020-жылы 6 102 сомго чейин көбөйдү.

Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн арасында эмгек пенсиясынын эң көп өлчөмү Россияда (257 доллар) жана Казакстанда (214 доллары), ал эми эң аз – Тажикстанда (33 доллар) жана Өзбекстанда (76 доллар) белгиленген.

2019-жылдагы КМШ өлкөлөрүндөгү пенсиянын өлчөмү

Улуттук статистикалык кызматтардын маалыматы боюнча (доллар менен)

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи