КРнын энергетика тармагына башын салып жаткан Hampton Resources Limited эмне болгон компания?

КРнын энергетика тармагына башын салып жаткан Hampton Resources Limited эмне болгон компания?

Депутат Наталья Никитенко Фейсбуктагы баракчасында Министрлер Кабинетинин күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн «Электр станциялары» ААКсын казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйругун жарыялады.

«Бул күмөндүү репутациясы бар белгисиз жеке компания стратегиялык ишкананын от казандарын тейлейт дегени эмнени билдирет? Ал эми компания кызматы үчүн акча алат, башкача айтканда, жаңы ЖЭБдин коррупциялык насыясы боюнча карызын төлөөгө кеткен акчанын бир бөлүгүн алабы?», – деп сураган депутат.

Токтомдо Кыргызстандын стратегиялык объектисинде жеке компаниянын иш алып баруусу жылытуу мезгилин «туруктуу» өткөрүп алуу жана «жарандардын жашоо жана ден соолугуна ылайык жагымдуу шартта жашоо конституциялык укугун ишке ашыруу» зарылдыгы менен түшүндүрүлгөн. Келишимдин баасы белгисиз.

Датасы 2021-жылдын 18-октябры деп көрсөтүлгөн документке ылайык, минкаб энергетика жана өнөр жай министрлигине Hampton Resources limited менен келишим түзүүнү тапшырган. Компания Бишкек ЖЭБке Караганда көмүрүн жеткирип турат жана ЖЭБдин от казандарын, башка жабдууларын тейлейт.

Ошондой эле, жеке компания жылуулук менен электр жарыгынын баасын мурдагы деңгээлде калтырууга тийиш. Андан тышкары, «станциянын берилген бөлүгүн өзүн-өзү каржылоого жана чыгымдарын актоого» жеткириши керек.

Бул маалымат социалдык тармакта бүгүн чоң кызыгуу туудурду. КРнын энергетика тармагына башын салып жаткан Hampton Resources Limited эмне болгон компания? Kloop.kg порталы бул компания тууралуу маалыматтарды берди.

Компания жөнүндө эмне белгилүү?

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, Hampton Resources limited Лондондо жайгашкан. 1998-жылдан бери көмүр рыногунда иштейт жана коңшу Казакстандагы үч көмүр шахтасына ээлик кылат — «Батыр», «Киров» жана «Западная». Андан тышкары, «Карагандинская» жана «№38» аталышындагы эки кайра иштетүүчү фабриканын ээси.

Ошондой эле, компаниянын тейлөөчү жана көмөктөшүүчү бир нече бөлүмдөрү бар. Аларга темир жол вагондору, транспорт, оңдоо жана кызмат көрсөтүү ишканалары кирет. Башка ачык булактарда Hampton Resources limited жөнүндө маалымат жок.

Бул Hampton Resources limited Кыргызстандын энергетика тармагына аралашууга болгон экинчи аракети. 2021-жылдын январь айында, ошол кездеги вице-премьер-министрдин м. а. Равшанбек Сабиров компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Алар энергосекторго инвестиция кылууну, мини-ЖЭБ, жаңы темир жол курууну жана кыргыз көмүрүн өзүнө алууну көздөгөн.

Ошондо өкмөт долбоорду сунуштаган Hampton Resources limited Караганда шаарында жайгашкан казакстандык ТОО «EXIM ARTIS» көмүр компаниясынын туунду компаниясы экенин билдирген. Ал эми долбоорду EXIM ARTIS жана Hampton Resources limited’тин директорлор кеңешинин мүчөсү Төлөнбек Адамкулов тааныштырган.

Оsoo.kg басылмасынын маалыматына ылайык, ал кезде Адамкулов жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген ОсОО «Дас-Транс» жана дүң соода менен алектенген ОсОО «ADIB MURTAZA CO.LTD» компанияларынын директору болгон.

EXIM ARTIS компаниясынын сайтында компания көмүр сатып алуу, «жеке шахталардан» чыккан көмүрдү кайра иштетүү жана көмүрдүн баалуу сортторун (таш көмүр жана жогорку кубаттуулуктагы) көбүнчө чет өлкөлөргө жана жарым-жартылай Казакстандын ички рыногуна сатуу менен алектенет деп белгиленген.

Кызыктуу жагдай, «менчик шахта» категориясында ошол эле Hampton Resources limited ээлик кылган «Киров» жана «Западная» шахталары көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи