Кыргызстанда стартаптар бар, бирок колдоо жок – Аман Тентиев «Астана» эл аралык каржы борбору тууралуу

Кыргызстанда стартаптар бар, бирок колдоо жок – Аман Тентиев «Астана» эл аралык каржы борбору тууралуу

Курамында ири каржылык компаниялардын жана бизнести колдоо институттарынын өкүлдөрү менен жетекчилерин камтыган КРнын делегациясы октябрда Нур-Султан шаарына «Астана» эл аралык каржы борборуна барышкан. Бүгүн, 20-октябрда КРнын финансы жана бизнес өкүлдөрүнүн басма сөз жыйынында алар иш сапарынын жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

Азия Банкынын директорлор кеңешинин өкүлү Назира Бейшеналиева баштаган курам Казактанга болгон иш сапары учурундагы байкоолорун, салыштырууларын, мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикирлерин билдиришип, Кыргызстандын аймагындагы инвестиция климаты Казакстанга салыштырмалуу бир кыйла артта экендигин, «Астана» эл аралык каржы борбору түзүп берген мүмкүнчүлүктөр жана инвесторлорго ишеним туудурган англис мыйзамы тууралуу айтышты.

«Астана» финансылык борбору менен 1 млн долларга келишим түзгөн Namba Group компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиев МФЦАнын (МФЦА – кырг., АЭКБ, «Астана» Эл аралык каржы борбору) стартаперлерге түзүп берген мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен айтып берди.

– КРга акселераторлор, эксперттер, фонддор керек. 2020-жылы арап, кытай инвесторлору менен көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Бирок бардыгы коопсуздугун ойлоп, инвестиция салуудан чочулашты. IT сферасы Сингапур, Америкада күчтүү өнүккөн. Сингапурда британиялык мыйзам иштейт, биз дагы ошол жакта иш алпаргыбыз келген, бирок ал жакта иштөө үчүн учуп баруу, виза сыяктуу бир топ тоскоолдуктар бар эле. Казакстандык кесиптештерибиз менен сүйлөшсөк, ал жакта британиялык мыйзам бар экен. Ошентип Казакстанда иш алпарган оңой болуп чыкты, анткени онлайн катталууга чоң мүмкүнчүлүктөр каралыптыр. Экинчиден, географиялык жакындыгы дагы чоң рол ойноду. Ошондой эле Астана хабдын инфраструктурасы, айтишниктерди даярдаган университети да бар.  

«Астана» финансылык борбору стартаптарга венчурдук каржылоо, 0%дык ставка менен кредит алуу сыяктуу чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Баштапкы эле эмес, долбоордун кийинки этаптары үчүн да мүмкүнчүлүктөр каралыптыр. Андан тышкары, сингапурдук, америкалык фонддор менен иштешип, эл аралык рынокко чыгууга жардам берет. Бизге тил, аймактык жакындыгы, команданын жоопкерчиликтүүлүгү, ийкемдүүлүгү биздин сырттан келгенибизди эч сездирбеди. Ошондой эле МФЦА 14 млрд доллар каржылоосу бар Борбор Азияны колдогону ар өлкөдөн фонддорду чогултуптур. Негизинен, Казакстанда исламдык каржылоо, жашыл колдоо, ставкалары ылдый бардык каржылоо бар экен.

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, венчурдук фонд МФЦАнын ичинде түзүлүптүр. Биз алар менен келишим түзгөн биринчи кыргызстандык IT компания болдук. КРда бул кыйла татаал болмок. Анткени КРда каржылоо алуу, иштөө жеке жактан, юридикалык жактан кыйын, себеби мыйзамда өтө көп чектөөлөр бар. Бизде компанияны баалоо деген дээрлик жокко эсе. Кыргызстанда толтура стартаперлер бар, бирок колдоо жок. МФЦА бардык долбоордун кызыкчылыктарын карайт. Бул IТ стартаптары үчүн чоң мүмкүнчүлүк, бул жакта туруп алып эле ал жак менен иштешсең болот. Андан тышкары, эч кандай тоскоолдук жок. Регионалдык хаб, IТ эмес башка секторлорго да колдоо көрсөтөт экен.

Эскерте кетсек, Namba Group IT-компаниясы Казакстандын MOST венчурдук фонду менен 1 млн долларлык келишим түзгөн. Келишим Нур-Султан шаарында кыргыз делегациясынын Астана эл аралык каржы борборунун (МФЦА) аймагына иш сапары учурунда түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи