Тинькофф Банк IT-командасынын өкүлү Бишкекте семинар өткөрдү

Тинькофф Банк IT-командасынын өкүлү Бишкекте семинар өткөрдү

Бишкекте Tinkoff санариптик экосистемасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Александр Поломодовдун катышуусунда финансы секторундагы IT технологияларга арналган «Recharge IT Tinkoff менен» деген аталыштагы семинар болуп өттү.

Green Light системалык интегратору тарабынан уюштурулган иш-чарада эффективдүү IT платформасын куруу боюнча дүйнөдөгү эң ири онлайн банктардын тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар болгон Кыргызстандын алдыңкы банктарынын топ-менеджерлери менен IT -жетекчилери чогулушту.

Спикер «Тинькофф» мобилдик банкинги боюнча, тагыраак айтканда, андагы процесстер, архитектура, тестирлөө кандай экенин, дегеле иш кандай уюштурулганын айтып берди. Семинардын  бир блогу болсо, Tinkoff банкингинде кардарларды онлайнга тартуучу IT-системалары боюнча иштөөгө арналды. Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү суроо-жоопко арналып, анда катышуучулар жалпысынан техникалык жана бизнеске байланыштуу кызыктырган суроолорун беришти.

Тинькофф Банк – бул толугу менен аралыктан тейлөөгө багытталган орус коммерциялык банкы жана анын чекене филиалдары жок. 2020-жылдын сентябрь айына карата, Тинькофф Банк – калктын суроо-талабын канааттандырган россиялык банктар арасында үчүнчү орунду ээлеп келет.

Green Light ITS – коммерциялык жана мамлекеттик уюмдар үчүн IT инфраструктурасын куруу жана оптималдаштыруу боюнча комплекстүү чечимдерди ишке ашырган эл аралык IT компания. Компания Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россияда өзүнүн кеңселерин ачып, ийгиликтүү иш алпарып келет.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи