Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

Бюджетке тамекиден 6 млрд сом акциздик салык түшпөй калган

2020-жылы республикалык бюджетке тамеки продукттарынан 6 млрд сом акциздик салык түшкөн эмес. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.

Көзөмөл органдын берген маалыматына ылайык, аналитикалык эсептөөлөр боюнча 10.7 млрд сом салык түшүш керек болчу. Бирок өткөн жылы бюджетке 4.7 млрд сом гана түшкөн.

Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) статистикалык маалыматтары көрсөткөндөй, күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) жана азык-түлүк продуктулары боюнча маалыматтардын туура берилбегендигинен улам, бюджетке 887 млн сом КНС жана акциздик 511 млн сом салык түшпөй калган.

Салык кызматынын маалыматында, Улутстаткомдун 2020-жылдагы күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча маалыматына салыштырмалуу айырма 13.2 млрд сомду түзөт. Тагыраак айтканда, күйүүчү жана майлоочу майларды сатууда бюджетке болжол менен 1.6 млрд сом салык түшпөй калуу тобокелчилиги бар.

Салык кызматынын маалыматтары менен Улутстаткомдун ун сатуунун көлөмү боюнча маалыматтарынын дал келбестиги 24.6 млрд сомдон ашык сумманы түздү, бул болжол менен 3 млрд сом КНС төлөнбөй калган дегенди билдирет.

Жалпысынан аудит 2020-жылы салыктарды жана төлөмдөрдү чогултуу планы 99.8%га аткарылганын, бирок бюджетке 122 млн сом түшпөй калганын аныктады. Салык базасы боюнча жүргүзүлгөн аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин кирешелеринин резервдери жана жоготуулары 12 млрд сомдон ашык сумманы түзгөн.

Министрлер Кабинетине акциз салыгын бюджетке толук түшүрүү үчүн тамеки буюмдарынын көмүскө жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча ишти күчөтүү сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи