Энергетика министрлиги электр жарыгын убак-убагы менен өчүрбөөгө убада берди

Энергетика министрлиги электр жарыгын убак-убагы менен өчүрбөөгө убада берди

Энергетика министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен (веердик) өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Бекитилген график боюнча, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык энергетикалык объекттерде оңдоп-түздөө иштери аяктайт. 1-ноябрдан тарта ремонт иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт.

Бирок авариялык кырдаал жаралса, калыбына келтирүү үчүн жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Башка учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт.

Берилген маалыматка ылайык, былтыр пандемияга байланыштуу энергетикалык объектилерде ремонт жүргүзүлгөн эмес. Быйыл бардык жабдуулар оңдоп-түздөөдөн өттү. Ремонт иштери масштабдуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу электр жарыгы да өчүрүлүүдө. Министрлик бул аракеттер кышкысын электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү максатында жасалганына түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Муну менен катар Энергетика министрлиги суу жана электр энергиясы өлкөнүн байлыгы экенин эске алуу менен жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга үндөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

КРнын жарандары кээде чет өлкөгө чыгып жатып, карызы бар болгондуктан, чек арачылар тарабынан көйгөйлүү кырдаал жаралып калганын айтып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине кайрылып, жарандардын айып пулдары, салыктар жана башка карыздары тууралуу маалыматты алдын ала кантип текшерүү керектиги тууралуу сураган. Өз кезегинде министрликтин өкүлдөрү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик