Көмүрдүн баасынын максималдуу чени белгиленди, бирок баары бир баа көтөрүлүүдө

Көмүрдүн баасынын максималдуу чени белгиленди, бирок баары бир баа көтөрүлүүдө

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарларындагы көмүрдүн баасынын максималдуу чегин белгиледи. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Бирок баа жөнгө салынганына карабастан, Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, анын наркы улам көтөрүлүүдө.

Көмүрдүн түрүнө жана өндүрүлгөн жерине жараша анын килограммынын акыркы баасы – 2.5 сомдон 9.5 сомго чейин, тоннасы 2400дөн 8700 сомго чейинки бааны түзөт. Баалар социалдык мааниси бар товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык белгиленген.

Мамагенттик белгилегендей, көмүр базарындагы учурдагы абал – көмүрдү казуу жана берүү кеч башталгандыктан келип чыккан, ошондуктан көмүр рыногунда үзгүлтүктөр болгон.

Монополияга каршы мамлекеттик агенттик бааны жөнгө салуу үчүн төмөнкү механизмдерди колдонот:

  • Белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен, Салык кызматынын органдарынан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн жана ИИМдин кызматкерлеринен жумушчу топтор түзүлөт
  • Эгерде көмүрдү сатуу учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, мамлекеттик агенттик аны четтетүү жана бааларды мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү боюнча буйрук чыгарууга укуктуу
  • Мыйзам бузууларга карата КРнын Бузуулар кодексинде айыптар каралган.

Мамлекеттик агенттиктин сайтында көмүрдүн белгиленген баалары тууралуу маалыматтар камтылган, мындан тышкары сатуу жерлеринде баалар тууралуу маалымат болушу керек. Карама-каршы келген учурда Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги төмөнкү номерлерге кайрылууну суранат:

  • мамлекеттик агенттиктин борбордук аппараты – 56 33 37, 56 32 19
  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгы – 66 14 15
  • Ысык-Көл аймактык башкармалыгы – 0392 23 18 86
  • Нарын аймактык башкармалыгы  – 0352 25 09 53
  • Талас аймактык башкармалыгы  –  0342 25 58 51
  • Жалал -Абад аймактык башкармалыгы – 0372 27 02 23
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы  – 0322 27 00 25
  • Баткен аймактык башкармалыгы – 0362 25 51 49

Ал эми Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, 21-октябрга карата көмүрдүн орточо баасы өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу 832 сомго (дээрлик 19%) жогорулады.

Белгилей кетсек, буга чейин 14-октябрга карата берилген маалыматтар боюнча, баанын өсүшү 794 сомду (дээрлик 18%) түзгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи