Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага 1 млрд сом бөлүнөт

Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фондду түзүү жана ага 1 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, туристтик жерлерге баруучу жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлөт, туристтик инфраструктураны өнүктүрүүнүн башка маселелери да чечилет.

Жапаровдун айтымында, туризмди өнүктүрүү фондуна кеңири ыйгарым укуктар берилет. Ага туристтик индустриянын объекттерин ижарага берүү, аларды алуу-сатуу боюнча келишимдерди түзүү, ал объекттерди биргелешип өнүктүрүү жана аларды куруу боюнча келишимдерди түзүү, инвестицияларды тартуу, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ыйгарым укуктар берилет.

«Туризм тармагын стимулдаштыруу үчүн жерди пайдалануу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет. Туристтик кластерлерди өнүктүрүүгө көп көңүл бурулат, мисалы, лыжа туризми менен Караколду, бай тарыхы жана маданияты менен Ошту, Жалал-Абад шаарында болсо рекреациялык кластерди өнүктүрөбүз. Туризм тармагынын ишканалары үчүн белгилүү бир артыкчылыктар берилет», – деп ишендирди Министрлер кабинетинин башчысы.

Жапаровдун пикиринде, ар бир регион өзүнүн тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен калктын жана потенциалдуу туристтердин арасында аймакты таанууга өбөлгө түзүүчү жөнөкөй, түшүнүктүү жана таанымал логотибин иштеп чыгышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи