Министрлер кабинети менен Улуттук банк баанын өсүшүн токтото албайт – эксперт

Министрлер кабинети менен Улуттук банк баанын өсүшүн токтото албайт – эксперт

«Кыргызстанда баанын өсүшүнө тышкы факторлор себеп болууда. Менин оюмча, Министрлер кабинетинин жана Улуттук банктын бааларды токтотууга реалдуу рычагы жок». Мындай пикирин экономист Азамат Акенеев бүгүн, 22-октябрда «Жаңы өкмөт: чакырыктар жана келечек» тегерек столунда билдирди.

Эксперттин пикиринде, инфляцияны басаңдатуу мүмкүнчүлүгү гана бар. Өкмөт бюджеттик кызматкерлердин, баанын көтөрүлүшүнөн эң көп жабыркаган аз камсыз болгондорго социалдык жөлөкпулдарды максаттуу бөлүштүрүү менен гана жардам бере алат.

«Биздин импортчулар рынокту кандырууга мүмкүндүк бербеген чектөөлөр дагы эле бар экенин айтышууда. Бул жерде баанын өсүшүн басаңдатуу үчүн тез арада чечимдерди кабыл алыш керек», – деди ал.

Белгилей кетсек, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 6.5%ды түзгөн. Тейлөөдөн баштап, спирт ичимдиктери менен тамекиге чейин баары кымбаттады.

Ошондой эле экономика тармагындагы эксперт Азамат Акенеевдин айткандарына таянсак, жакын арада Кыргызстанга инвесторлор келбейт. Жаңы өкмөт эмнелерди убада кылып, кандай аракет кылбасын, алар туруктуу саясий абалды күтүшөт.

«Мамлекеттик структураны өзгөртүүнү, шайлоо процесстерин аягына чыгара элекпиз. Жалпысынан алганда, бул белгисиздик мезгил улана берет», – деди ал.

Эксперттин айтымында, жакынкы эки жылда чоң көлөмдөгү инвестицияларды күтпөш керек. «Ошондуктан, учурда мамлекет гана өзүнүн ресурстарынын эсебинен инвестицияларды көбөйтө алат», – дейт эксперт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи