Ошто 18 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулууда – тизмеси

Ошто 18 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулууда – тизмеси

Министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги республика боюнча 59 бийик курулуш мыйзамсыз курулуп жатканын аныктады. Алардын ичинен 18 объект Ош шаарында жайгашкан.

Мыйзам боюнча, архитектуралык документи жок курулуш жүргүзүүгө болбойт. Буга байланыштуу аталган агенттиктин архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы мыйзам бузууларды жоюу боюнча иштерди аткарат.

Агенттиктин берген маалыматына ылайык 18 объект Ошто мыйзамсыз курулууда. Алардын он төртүнүн адрестерин turmush.kg порталы аныктап чыккан.

  • Курманжан датка №420 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү — «Бизнес Хаус» ЖЧК. 
  • Алиев көчөсү №147,149,151 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Золотой квадрат» ЖЧК. Компания 2019-жылы 11-мартта катталган.
  • Ленинабад көчөсү 8 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Долина Строй» ЖЧК. Компания 2019-жылы 10-июнда катталган.
  • Ленин көчөсү №702 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Бизнес ЖЧК.
  • Курманжан датка көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Модерн Стиль» ЖЧК. Компания 2013-жылы 12-июнда каттоодон өткөн.
  • Курманжан датка көчөсү №107 дарегиндеги (котлован) көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – жеке ишкер Мамасалиев Талант.
  • Масалиев №64 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Евро-Стиль» ЖЧК. Компания 2016-жылы 28-февралда каттоодон өткөн.
  • Кулатов кичи району №18-1 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Пик Групп» ЖЧК. Компания 2020-жылы 2-мартта кайра каттоодон өткөн.
  • Жим көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – жеке ишкер Асыранов Жаңыбай.
  • Салиева көчөсү №47 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Өз Топурак» ЖЧК.
  • А.Навои көчөсү №10 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Астра Плюс» ЖЧК.  Компания 2019-жылы 10-январда кайра каттоодон өткөн.
  • Ленин көчөсү №349 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «Пик-Стиль-Строй холдинг» ЖЧК.  Компания 2020-жылы 20-январда кайра каттоодон өткөн.
  • Ленин көчөсү №938 дарегиндеги көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – жеке ишкер Анарбаев Султан.
  • Монуев көчөсүндөгү көп кабаттуу турак жай. Буюртма берүүчү – «АльШараф» ЖЧК.  Компания 2020-жылы 25-февралда кайра каттоодон өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи