Президент маалымат жыйынын өткөрүүдө. Экономика тууралуу эмне деди?

Президент маалымат жыйынын өткөрүүдө. Экономика тууралуу эмне деди?

Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өтүп жатат.

Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштери боюнча баяндама берип жатып, экономика боюнча бир канча суроолорго жооп берип кетти.

Пезиденттин берген маалыматына ылайык:

  • «Кумтөрдө» 20-25 жылдык запас бар, кен элге иштейт, бул боюнча кепилдик берилет
  • Бюджетке салыктын эсебинен 12 млрд каражат түшөт
  • Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд сом, ишкерлерге кепилдикке – 1.1 млрд сом, ишкерлерге насыя катары – 3.6 млрд сом бөлүндү. 680 ишкер 1 млрд сом жеңилдетилген насыя алган
  • 2020-жылы бюджетти колдоого тыштан 357 млн доллар түшкөн, быйыл алынган жок
  • 353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлдү
  • 2019-жылдын тогуз айында мамлекеттик казынага 97.8 млрд сом, 2020-жылы 90.2 млрд сом болсо, 2021-жылы 129 млрд сом киреше кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

КРнын жарандары кээде чет өлкөгө чыгып жатып, карызы бар болгондуктан, чек арачылар тарабынан көйгөйлүү кырдаал жаралып калганын айтып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине кайрылып, жарандардын айып пулдары, салыктар жана башка карыздары тууралуу маалыматты алдын ала кантип текшерүү керектиги тууралуу сураган. Өз кезегинде министрликтин өкүлдөрү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик