Президент: тажик тарап 210 миң гектар жерди бересиңер деп жатат, мен каршымын

Президент: тажик тарап 210 миң гектар жерди бересиңер деп жатат, мен каршымын

Бүгүн, 23-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өтүп жатат.

Жыйында президент Тажикстан менен чек ара маселеси боюнча да суроолорго жооп берди. Президентке «Эмне үчүн чек ара маселеси ушул кезге чейин чечилбей жатат, дагы канча жаран өлүшү керек?» деген суроо берилди.

Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айтып, кайсы маселелер бар экенин ачыктады.

«Мен чек ара маселесин бүгүн отуруп, чечип коюуга даярмын, бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук эмес экен. Ооба, Тажикстан менен болгон кагылышууда 36 жаран каза болуп калды. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе экен. Биз Өзбекстан менен чек араларыбызды такташып келе жатканбыз. Ал бүткөндөн кийин Тажикстанга өтөлү дегенбиз, ага чейин мен Тажикстанга байланыштуу документтерди карай элек элем. Май айында УКМКдан эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кагаздарын алдырттым. Ал жерде үч талаштуу маселе бар экен. Ал Төрт-Көчө, Ворухка кеткен жол жана Лейлектеги участок», – деди Жапаров.

Президенттин айтымында, тажик тарап 210 миң гектар жерди сурап жатат. 1956-жылы Совет мезгилинде атка минерлер жылдык планды толтура албагандыктан, жерди кошуна өлкөгө берип салышкан.

«Саясий катачылыктын кесепетинен көп жерлер талаш болуп атат. 1956-жылы өзүбүздүн саясатчылар эттин планын толтура албайбыз деп берип жиберишкен экен. Учурда ата-бабаларыбыздын катасын оңдоп атабыз», – деди президент.

Жапаровдун айтымында, Төрт-Көчө боюнча 2009-жылы 3-мартта Адахан Мадумаров Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес протоколду кабыл алган. Тажикстан ушул протоколдун негизинде жер биздики деп жатышат.

«Ал 275 метр жер Тажикстандыкы экенин тааныйм деп протоколго кол коюптур, бирок кайра 49 жылга бизге ижарага берип тургула деп кол коюптур. Ошону менен ижарага алгансыңар деп жатышат, 12 жылы өттү, 37 жылдан кийин же жабабыз, же кайра сүйлөшүүлөрдүн негизинде узартабыз деп жатат. Мен айтып жатам, ал кезде Мадумаровдун кол койгонго акысы болгон эмес. Эч ким ага ыйгарым укук берип, жиберген эмес деп айттым. Бул протокол юридикалык жактан жарабайт экендигин билдирдим. Бул юридикалык документ эмес», – деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи