Фондулук биржадагы сооданын бир жумадагы көлөмү 20 млн сомду түздү

Фондулук биржадагы сооданын бир жумадагы көлөмү 20 млн сомду түздү

Өткөн аптада фондулук биржада сооданын көлөмү дээрлик 5 эсеге өсүп, 20 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи рынокто жайгаштыруу облигациялардын эки эмитенти «Салым Финанс» ААК жана «Биринчи Металлобаза» ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, секциянын жалпы соода көлөмү 17.4 млн сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, 22-октябрда баштапкы рынокто жүгүртүү мөөнөтү 2 жыл болгон Мамлекеттик казыналык облигацияларды жайгаштыруу боюнча келишим болуп, анын көлөмү 93.01. сом баада 1.5 млн сомду түзгөн. Эскерте кетсек, биржада мамлекеттик баалуу кагаздардын бул түрү боюнча мурдагы келишим апрель айында катталып, анда баасы 95.35 сом болгон болчу.

Өткөн аптада экинчи рынок алсыз динамикасын көрсөттү, компаниянын акциялары жана облигациялары менен бүтүмдөрдүн көлөмү азайып, сооданын жалпы көлөмү болгону 1.1 млн сомду түздү. Стратегиялык компаниялардын акциялары боюнча айтсак, «Манас» эл аралык аэропорту ААКнын жана «НЭСК» ААКнын акцияларын кошкондо 300 миң сомго үч бүтүм түзүлдү. Ошол эле учурда «Манас» аэропортунун акциясынын баасы 400 сомго (+40 сом), «НЭСК» ААКнын акциялары 0.68 сомго (+0.18 сом) чейин көтөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи