Кийинки жылы кимдердин маянасы көтөрүлөт?

Кийинки жылы кимдердин  маянасы көтөрүлөт?

Учурда казынанын киреше бөлүгүнүн өсүшү менен мамлекеттик бир катар кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы бир жылдык отчёттук маалымат жыйынында билдирип, кошумча дагы кайсы ведомстволордун кызматкерлеринин маянасын көтөрүүнү пландап жатканын айтты.

«Пандемия учурундагы оор кырдаалга карабастан, бардык социалдык төлөмдөр кечиктирилбестен, өз убагында төлөнүүдө. Салык жана бажы тармагында санариптик платформанын ишке кириши менен бюджеттин кирешеси көбөйдү», – деди Жапаров.

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 129 млрд сомду түзүп, план 107%га аткарылган. Анын киреше бөлүгү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43%га өскөн.

Жапаров белгилегендей, пандемияга чейинки 2019-жылга салыштырмалуу киреше 32%га өскөн. Ошол эле учурда бюджеттин чыгымдары да көбөйүүдө.

Ушул эле жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 127 млрд 700 млн сомго жеткен, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу анын 20%га өскөндүгүн билдирет. Ал эми 2019 -жылга салыштырмалуу бул 26%ды түзгөн.

«Азыркы этапта бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү менен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсия жана жөлөкпулдарды жогорулатууга мүмкүн болду. Мисалы, бул саламаттыкты сактоо, маданият, искусство жана медиа тармагында иштеген адистерге тиешелүү. Ошондой эле Коргоо министрлигинин, ИИМдин Ички аскерлеринин жана Чек ара кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасы 40%га жогорулатылды», – деди Жапаров.

Анын айтымында, келерки жылдын 1-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин, ошондой эле Мамлекеттик Соттук экспертиза кызматынын адистеринин эмгек акысын орточо эсеп менен жогорулатуу пландаштырылууда.

«Биздин аракеттер бул менен эле чектелбейт. Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде биз бюджеттин башка кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин эмгек акысын жогорулатууну улантабыз. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 50%га, 2022-жылдын 1-январынан баштап төлөмдөр 100%га, айрым категориялар үчүн 200%га көбөйтүлөт», – деди президент.

Ошондой эле пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо да жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи