Коммерциялык банктарга 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген

Коммерциялык банктарга 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген

Коммерциялык банктарга 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя берилген. Бул тууралуу пезидент Садыр Жапаров 23-октябрда бийликке келгенине бир жыл болгонуна карата өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

Президент жылдык отчетунда бизнеске кандай колдоо көрсөтүлүп жана кандай насыялар берилип жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

«Ишкердикти колдоо алкагында кепилдик фондунун казынасы кошумча 2 млрд сомго көбөйтүлүп, 2020-жылы 1.1 млрд сомго насыя берилди. Коммерциялык банктарга болсо 3.6 млрд сом өлчөмүндө насыя беришкен. Кепилдик фондунун программасынын алкагында 680 ишкерге жеңилдетилген насыя берилди. ОКӨФ дагы кредиттерди берүүнү кайра баштады. Насыя берүүнү жеңилдетүү максатында «РСК» банктын капиталы кошумча 900 млн сомго көбөйдү», – деди Жапаров.

Ал ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүү жана пайыздык ченин 4%га чейин төмөндөтүү тууралуу айтты.

«Мурда берилген кредиттер боюнча пайыздык чен этап менен жылдык 6-8%дан 4-6%га чейин төмөндөтүлөт», – деп кошумчалады президент.

Мындан тышкары Садыр Жапаров МЖӨ долбоорлорун колдоону белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы суммасы 750 млн долларлык 50 долбоор иштеп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи