Металл кендери эми мамлекет тарабынан иштетилет

Металл кендери эми мамлекет тарабынан иштетилет

Мындан ары баалуу металл кендерин мамлекет өзү иштетет. Бул тууралуу пезидент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөргөн маалымат жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, анын кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында «Жер казынасы жөнүндө Кодекстин» долбоору иштелип чыккан жана анын кабыл алынышы менен жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдар биринчи жолу бирдиктүү документке биригет.

Мындан тышкары, мамлекет тарабынан пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында Улуттук тоо-кен компаниясы – «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.

«Улуттук кызыкчылыктарды сактоо жана өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү үчүн мамлекет кен чыккан жерлерди өзү иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк алды, ушунун алкагында тийиштүү Мыйзамга кол коюлду. Мындан ары баалуу металл чыккан жерлерди мамлекет өзү иштетет. Буга чейинкилерди эмес, мындан кийинкилерин айтып атабыз. Ошондой эле, мындан ары жер казынасын пайдалануучулардын бардык рекультивациялык эсептери мамлекеттик банктарда топтолот», – деди ал.

Стратегиялык объектилерди ишке киргизүү боюнча үстүбүздөгү жылдын мартында Талас облусундагы Жерүй кенинде алтын кен комбинаты ишке киргизилди.

«Алдын ала эсептөөлөргө караганда кенди иштетүүдөн Кыргызстандын бюджети жыл сайын 4 млрд сомго чейин салыктык жана башка төлөмдөрдү алып турат, ал эми Талас облусун өнүктүрүүгө болжол менен 300 млн сом түшөт», – деп белгиледи президент.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи