Экономика министрлиги Казакстан кайсы учурда КРдан келген жүк ташуучу унааларды текшерүүдөн өткөрбөй турганын билдирди

Экономика министрлиги Казакстан кайсы учурда КРдан келген жүк ташуучу унааларды текшерүүдөн өткөрбөй турганын билдирди

Кыргызстан менен Казакстан жүк ташуучу унаалар үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда, бул КРдан Казакстанга, Россия Федерациясынын аймагына, ошондой эле карама-каршы багытта бара жаткан унааларга тиешелүү болмокчу.

Кыргызстандын Салык кызматы менен Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети 22-октябрда аталган Пилоттук долбоордун тартибине кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Эльдар Алишеров кечээ, 25-октябрда жүк ташуучулардын бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, документке ылайык, казак тарап КРдан келген жүк ташуучу унааларды Казакстанга кирип жатканда жана бул аймактан РФга транзиттик жол менен баратканда, ошондой эле карама-каршы багытта баратканда көзөмөл жүргүзүү жана текшерүү чараларын жүргүзбөйт.

Ошол эле учурда ата мекендик экспортерлор жанында электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) алып жүрүүгө милдеттүү. Чек арадан өтүүдө ЭЭФ жок болсо, орун алган тобокелдиктерди эске алуу менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети жүк ташуучу унааларды кайра КРнын аймагына кайтарып берет.

Берилген маалыматка ылайык, казак тарап автотранспорттор Казакстандын аймагына киргенде көзөмөл жана текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу унааларга навигациялык пломбаларды орнотушат.

Алишеровдун түшүндүргөнүнө караганда, КРдан Казакстанга бара жаткан жүк ташуучу унааларга карата мурда кетирилген тартип бузуулар үчүн көзөмөлдүн кошумча түрлөрүн жүргүзүү жеңил унаа белгиленген жерге келгенде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи