Кыргызстанда жумушчулардын 70%дан ашыгы көмүскө сектордо иштешет – профсоюз

Кыргызстанда жумушчулардын 70%дан ашыгы көмүскө сектордо иштешет – профсоюз

Кыргызстанда жумушчулардын 70%дан ашыгы экономиканын көмүскө секторунда иштейт. Мындай маалыматты Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзу билдирди.

Профсоюз мындай кызматкерлердин эмгек мамилелери документалдык каттоодон өтпөгөндүктөн, алардын укуктары корголбой турганын, алар күтүлбөгөн учурда жумушсуз калышы мүмкүн экенин жана жоготкон жумуш орду үчүн  компенсация ала албай тургандыгын белгиледи.

Профсоюз ошондой эле эң кеңири таралган эмгек мыйзамдарынын бузулуу учурларын санап берди:
  • Эмгек келишими түзүлбөйт. Уюмдун менчигинин түрүнө карабастан, ар бир кызматкер менен жазуу жүзүндө эмгек келишими түзүлүп, бир нускасы кызматкерге берилүүгө тийиш
  • Иши туруктуу мүнөзгө ээ болгон адамдар менен мөөнөттүү келишимдерди түзүү. Мында эмгек келишимдери белгисиз мөөнөткө түзүлүүгө тийиш
  • Эмгек акыны төлөбөй коюу же өз убагында төлөө. Эмгек акы айына бир жолудан кем эмес жана толук төлөнүшү керек, ар бир кечиктирилген күн үчүн иш берүүчү карыздын суммасынан 0.15% өлчөмүндө айып төлөйт
  • Кош бухгалтерия жүргүзүү. Көбүнчө кызматкерлерге расмий түрдө минималдуу эмгек акы төлөнөт, мисалы, 5 миң сом маяна деп расмий айтылып, ал эми негизги сумма – 20 миң сом – конвертте берилет. Бул эң одоно мыйзам бузуу болуп эсептелет
  • Жеке коргонуу шаймандарын, формаларды, бут кийимдерди менен жумушчуну камсыздоо иш берүүчүнүн түздөн-түз милдети болуп саналат
  • Кызматкердин макулдугусуз жана кошумча акы төлөбөстөн ашыкча жумушка тартуу, убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулдарды (оорулуу өргүүдө) төлөбөй коюу, өргүүлөрүн бербөө, эмгек келишиминде каралбаган кошумча жумуштарга тартуу болсо, бул иш берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн дискриминация болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи