«АзияИнфо» компаниясы Матраимовдордун бизнес-өнөктөшүнө таандык

«АзияИнфо» компаниясы Матраимовдордун бизнес-өнөктөшүнө таандык

«АзияИнфо» компаниясы Кыргызстанда монополист домендик регистратор катары таанымал. Factcheck.kg бул компанияга ээлик кылгандарды изилдеп көрүп, анын Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн бизнес-өнөктөштөрү, «Мекеним Кыргызстан» партиясы жана мурда жоюлган Финансылык полиция менен кыйыр байланышы бар экенин аныктап чыкты. 

Ошондой эле иликтөөдө OsOO.kg сайты «АзияИнфо» 2020-жылдын жыйынтыгы менен 20 млн сомдон ашуун киреше алганына карабай, болгону 680 миң сом салык төлөгөнү айтылат.

Компания тууралуу

Компаниянын сайтындагы маалыматка ылайык, ал өлкөдө 27 жылдан бери иш алып барат.  Компания интернетке кирүүгө жол ачып, үн байланышын жана спутник байланыш кызматтарын көрсөтөт. Мындан тышкары, байланыш системаларын долбоорлоо менен алектенет.

Компания ири салыктарды төлөө менен чектелбестен, мамлекеттик буйрутмаларды да алып турат:

«АзияИнфо» өзү катышкан мамлекеттик тендерлердин дээрлик 40%ын жеңген. Алардын 50%ы – консалтинг кызматтары, программалык камсыздоону иштеп чыгуу, интернет жана техникалык колдоо менен байланышкан. Ал эми калган кызматтар телекоммуникация кызматтары жана программалык камсыздоого тиешелүү.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, компанияга 1947-жылы туулган Лилия Щербакова ээлик кылат. Мындан тышкары,  Щербакова «Бэль Канто» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Аны менен катар «Бэль Канто» ЖЧКсын Замира Мавлянова негиздеген. Опера ырчысы Мавлянова Щербакованын келини жана 2015-жылы «Бир Бол» партиясы менен бирге Жогорку Кеңешке аттанган. Лилия Щербакова 2021-жылдын май айына чейин «Абай Строй Курулуш» компаниясына да ээлик кылып келген. 

Лилия Щербакованын 51 жаштагы Дмитрий Дмитриевич Щербаков аттуу уулу бар. 2019-жылы Щербаковдун «Росинбанкта» (учурда «Кереметбанк», мамлекеттик үлүш – 97.45%  ) жалпы акциянын 10.0866% үлүшү бар болгон. 

 Osoo.kg Щербаковго үч фирма катталганын маалымдайт. Алардын экөө ишин токтоткон, ал эми үчүнчүсү 2012-жылы негизделген «АзияИнфо» телекоммуникациялык ишкана. Ишканага ээлик кылгандардын арасында дал «АзияИнфо» ЖЧКсы да бар. Эки фирма тең Абдрахманов көч, 175 дареги боюнча каттоодон өткөн. 

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи