Бишкекте көмүрдүн тоннасы максимум 4 миң 400 сомдон сатылат

Бишкекте көмүрдүн тоннасы – максималдуу түрдө 4 миң 400 сомдон сатылат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков «Биринчи радиого» билдирди.

Анын айтымында, кара отундун баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген. Көмүрдүн баасы районго жана көмүр казылган аймакка жараша болот.

Бишкекте көмүрдүн тоннасы – максималдуу түрдө 4 миң 400 сомдон сатылат, Чүй облусунда – 4 миң 550 сомдон, ал эми Ош шаарында жана Ош облусунда тоннасы 5-6 миңден, Жалал-Абад облусунда 6.5 миң сомдон, Нарын облусунда 4 миң 700 сомго чейин сатылышы зарыл. Ошондой эле Ысык-Көл облусунда 6 миң 500 сомдон жана Талас облусунда көмүрдүн бир тоннасы 6 миң 800 сомго чейинки баа менен коюлду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды