Эмдиги жылы 15-18 тонна алтын алабыз – Акылбек Жапаров

Эмдиги жылы 15-18 тонна алтын алабыз – Акылбек Жапаров

Келерки жылы 15-18 тонна алтын алабыз. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты.

Депутат Табылды Тиллаев 2 жылда 250 млрд сомго бюджетти кантип көбөйтөбүз, каражатты эмнеден күтөбүз деген суроосун узатты. «180 миллиарддан 440 млрд сомго кантип секиребиз, түшүндүрүп кетсеңиз», – деди ал.

Акылбек Жапаров быйыл бюджетти мурда каралган 280 млрд сомдон 308 млрд сомго көтөрүп келе жатышканын, 28 млрд сом кошумча кирешени ички чыгашаларды ирээттөө менен тапканын билдирди.  

«Быйыл 6-7 тоннанын тегерегинде алтын ала турган болсок, эмдиги жылы 15-18 тонна алтын алабыз, анын таза кирешеси 300-400 млн долларга барат деген божомолубуз бар. Ошентип кен казуучулардан бир топ чоң киреше алганы турабыз. Калгандарын салыктан алабыз, көп эле айтчу элек, саясий эрк болсо жасайбыз деп, ошол саясий эрк азыр бизде бар», – деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан тышкары, Жапаров кыргыз өкмөтүнүн алдында бюджети 300-500 млн доллар «Турукташтыруу фондун» түзүп жатышканын жана «кара июль» сыяктуу өзгөчө кырдаалдар үчүн 17 млрд сом каралып жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи