Көмүскө экономикадан жыл сайын бюджетке 25-30 млрд сом түшпөй калат

Көмүскө экономикадан жыл сайын бюджетке 25-30 млрд сом түшпөй калат

Көмүскө экономикадан түшпөй калган салыктардын үлүшү жыл сайын 25-30 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама учурунда айтты.

Анын айтымында, КРгы көмүскө экономика расмий маалыматтар боюнча ИДПнын 23-24%ын түзөт.

«Башка эл аралык уюмдардын божомолу боюнча бул 40%га жетип жатат. Көмүскө экономикадан түшпөй калган салыктардын үлүшү жыл сайын 25-30 млрд сомду түзүүдө. Салык кызматынын маалыматы боюнча учурда 509 808 ишкер субъект бар», – деди ал.

Ошондой эле ал мыйзам долбоору  салык мыйзамдарын заманбап  экономикалык шарттарга айкалыштырууга, мындан ары  салыктык жол-жоболорду санариптештирүүгө, ишкердикти жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүүгө жана көмүскө  экономиканы кыскартууга багытталганын белгиледи.

Эскерте кетсек, ЖКнын жыйынында бүгүн Салык кодексинин долбоору жана аны  колдонууга киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи