Кыргызстанда инфляциянын жылдык деңгээли 11.8%га төмөндөдү

Жылдык инфляциянын деңгээли 15-октябрга карата 11.8%ды түздү, эскерте кетсек, сентябрь айында ал 13.5% болгон эле. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Регулятордун айтымында, өлкөдөгү керектөө бааларынын өсүшүнө таасир эткен негизги фактор азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү болду.

Улуттук банк өлкөдө инфляциянын деңгээлине тышкы факторлордун таасиринин тобокелдиктери сакталып жатканын белгиледи. 2021-жылы инфляциянын негизги монетардык эмес факторлору болуп төмөнкүлөр саналат:

  • азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баанын өсүшү
  • административдик баалардын жана тарифтерди жогорулашы (электр энергиясына жана коомдук транспортко тарифтер)
  • айыл-чарба продукциясын өндүрүүнүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген быйылкы жаз-жай мезгилиндеги жагымсыз климаттык шарттар
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды