Кыргызстанда жакында «жашыл» такси пайда болот – электромобилдер иштеп баштайт

Кыргызстанда жакында «жашыл» такси пайда болот – электромобилдер иштеп баштайт

Бишкекте «жашыл» такси пайда болот, анын автопаркы толугу менен электромобилдерден турат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына Namba Group компаниясынын негиздөөчүсү Аман Тентиев билдирди.

Тентиевдин айтымында, Nissan үлгүсүндөгү алты электромобилдин биринчи партиясы Кыргызстанга келди, кийинки жумадан баштап алар бир нече мейманканаларды тейлей башташат. Андан кийин чек арада көйгөй жаралбаса, электр унаалары чоң көлөмдө алынып келине баштайт.

«Namba Way – ошол эле Namba Taxi бренди. Биз былтыр компанияны сатканбыз, бирок брендди сактап калдык, анткени концепцияны өзгөртүп жатабыз. Биз акырындап ушул «жашыл» такси түшүнүгүнө келе жатканбыз. Биздин шаардын экологиясында акыркы убакта чоң көйгөйлөр болууда», – деди ал.

Ишкер бир нече компаниялар менен биргеликте унааларды тез кубаттоого мүмкүндүк берген бүтүндөй инфраструктура түзүлүп жатканын белгиледи.

«Жашыл» такси экологиялык жактан таза эле болбостон, күйүүчү майдын кымбаттыгынан да көз каранды болбойт. «Бүгүнкү күндө бул абдан маанилүү болуп калды, анткени, өзүңүздөр билгендей, таксиге түшүү абдан кымбат. Бул биринчи кезекте күйүүчү майдын кымбаттыгына байланыштуу, ал эми электр энергиясынын баасы салыштырмалуу жеткиликтүү», – деди Тентиев.

Мындан тышкары, анын айтымында, рынокто мындай «оюнчунун» болушу баанын өсүшүн тартипке келтирет жана басаңдатат, анткени ар кандай атаандаштык жакшы натыйжа берет, башка такси кызматтары бааны көп көтөрө албайт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи