КР Иранды Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды

КР Иранды Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырды

Тышкы иштер, соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев иран компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырды. Бул тууралуу ведомствонун билдирүүсүндө айтылат.

27-октябрда Казакбаев Иран Ислам Республикасынын КРгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харразини кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелерин абалын, ошондой эле Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде Бишкек шаарында ирандык Соода үйүнүн ачылышы, Бендер-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен, Иран-Түркмөнстан-Өзбекстан-Кыргызстан жаңы темир жол корридорунун ачылышы, туристтик байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдардын жыштыгын жана санын жогорулатуу, ошондой эле иран тарабынын Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууда катышуусу жөнүндө талкуу жүргүзүштү.

Ошондой эле министр Казакбаев иран компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык Көл облусунда туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестициялоого чакырды.

Эки тараптуу дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгында эки өлкөнүн делегацияларынын өз ара расмий сапарлары менен белгиленет. Тараптар Бишкек шаарында кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйынын өткөрүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи