КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 10 айда 508 млн долларды түздү

КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 10 айда 508 млн долларды түздү

КР менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү быйыл 10 айда 508 млн долларды түздү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев «Азаттыкка» берген маегинде айтты.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы соода 2018-жылы 450 млн доллар, 2019-жылы 507 млн долларды түзгөн.

«2020-жылы 507 млн, быйыл 10 айда 508 млн доллар болду. Бул Түркия мамлекетинин статистикалык кызматынын берген маалыматы. Бирок биздин маалымат дайыма 2 эсе аз көрсөтөт. Бул маселеде контрабандага байланышкан суроолор жатат», – деди ал.

Эскерте кетсек, Инвестиция министринин орун басары Нурадил Баясовдун 14-сентябрдагы маалымат жыйынында берген маалыматына ылайык, Түркия Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча экинчи орунда турат. Биринчи жарым жылдыкта инвестициянын көлөмү 62 млн доллардан ашкан. КРнын ири инвесторлорунун баш сабында баягы эле Кытай турат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи