КРда эл аралык фондулук рынокко чыгууга жол ачкан инвестициялык платформа ишке кирди

КРда эл аралык фондулук рынокко чыгууга жол ачкан инвестициялык платформа ишке кирди

Бишкекте эл аралык финансы рынокторуна чыгууну камсыз кылган биринчи Taighan Capital деген ата мекендик финансылык-инвестициялык платформанын бет ачары болду.

Платформа Кыргыз фондулук биржасында жана Россиянын, АКШнын, ошондой эле Европанын алдыңкы биржаларында сатылып жаткан акциялар жана облигациялар боюнча соодага аралашууга мүмкүндүк берет.

«Биз ар бир кыргызстандыкка глобалдык инвестиция дүйнөсүнө кирүүгө мүмкүндүк берүүчү көпүрөбүз. Биз чет элдик корпорациянын филиалы эмес, Кыргызстандын рыногундагы бирден-бир артыкчылыктарга ээ болгон жергиликтүү компаниябыз. Биздин максат – кыргызстандыктар үчүн инвестициялык инструменттерди кеңейтүү жана аны эң жеткиликтүү ыкмага айландыруу, анын ичинде жогорку технологияларды колдонуу», – деди компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Улан Осмонов.

Платформа дүйнөдөгү 40 ири биржаларга, 21 миңден ашуун акцияга, 16 миңдей облигацияларга, 83 криптовалютага, ошондой эле чийки товарлар жана опциондор менен соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Биз кызматташууга ачыкпыз жана Кыргыз фондулук биржасы, ата мекендик брокердик компаниялар, коммерциялык банктар, инвестициялык фонддор жана каржы рыногунун башка катышуучулары менен тыгыз байланыш түзө баштадык. Биздин платформа финансылык сабаттуулукту жогорулатууга жана өлкөдөгү фондулук рынокту өнүктүрүүгө жардам берет деген үмүттөбүз», – деди Taighan Capital компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тимур Омоев.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи