Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 718.2 млн долларга жетти

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 718.2 млн долларга жетти

Быйылкы жылы КР менен КЭРдин ортосундагы соода жүгүртүүнүн өскөнү байкалды. 2021-жылдын январь-июль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.7 эсеге өстү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Биздин өлкө менен соода жүгүртүү 718.2 млн долларга жеткен, анын ичинде импорт – 681.4 млн долларды (1.7 эсеге өскөн), экспорт – 36.8 млн долларды (1.4 эсеге) түздү.

«КРдан КЭРге азык-түлүк жана айыл чарба чийки заттары (бал, тамеки буюмдары, ар кандай жаңгактар, кургатылган мөмө-жемиштер, суусундуктар ж.б.), булгаары чийки заты, күйгөн тери, рудалар жана концентраттар, ошондой эле баалуу металлдар, жабдуулар, транспорт каражаттарынын жана алардын бөлүктөрү экспорттолот.

 «Кытайдан КРга айнек, керамика, цемент, булгаары, жыгач, кагаз жана картон импорттолот», – деп билдирди Экономика министрлиги.

Министрликтин маалыматы боюнча, эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын эң маанилүү жана келечектүү багыттары болуп инфраструктураны жана транспортту, энергетиканы өнүктүрүү, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба, тоо-кен өндүрүшү, туризмди өнүктүрүү, ошондой эле чек арадагы кызматташуулар саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи