Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат

Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат

Салыктан качкандар чек арадан өтүүдө көйгөйгө кабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Эмиль Токтошев «Парламент» радиосуна курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, жер менен үйгө белгиленген салыктар аянтына карап, төлөнө турган суммасы такталып жатат. Ошондой эле салык төлөбөгөн ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчиликтери да кылдат каралат. «Эгер кимде бул жагдай маселе жаратса, салыктан качкан тараптар чет өлкөгө сапарга чыгууда тоскоолдуктарга учурайт», – деп түшүндүрдү эл өкүлү. 

Токтошев кыскартылган салыктын бир түрү катары мүлк салыгы менен жер салыгы бириктирилип жатат. Коомчулукта айтылган пикирлер эске алынып, Салык кодекси кабыл алынса, республиканын бюджетин 70%га чейин жогорулатууга болоорун айтат.

Ошондой эле ал баалар саясатында акциз салыгын алып салууга болбой тургандыгын билдирди. Анын пикиринде бюджет толтурууда салыктын аталган түрүнүн орду өзгөчө. «Ошол салыктар аркылуу табылган 3 млрд сом пенсия төлөмдөрүнө жумшалат. Андан кол жууп калбашыбыз керек. Эң башкысы, бензин менен камсыздаган өнөктөш мамлекететер менен мамилени чыңдап, кырдаалдан чыгууда алардын тилин табуу керек», – деди депутат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Кыргызстанда ЖОЖдор менен колледждерде окуу акысы көтөрүлбөйт

Президент Садыр Жапаров кесиптик жогорку жана орто билим берүү мекемелеринде окуу акысын жогорулатууга убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, 2026–2027-окуу жылында өлкөдөгү жогорку окуу жайларында, колледждерде жана башка кесиптик билим берүү уюмдарында окуу үчүн төлөмдөр жогорулатылбайт. Бул чечим окуу жайдын менчигинин түрүнө жана макамына карабастан бардык

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

Мамлекет алдында айып пул же карызыңыз барбы? – текшерүүнүн ыңгайлуу ыкмасы

КРнын жарандары кээде чет өлкөгө чыгып жатып, карызы бар болгондуктан, чек арачылар тарабынан көйгөйлүү кырдаал жаралып калганын айтып жүрүшөт. Ушуга байланыштуу “Ишкер медиа” Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине кайрылып, жарандардын айып пулдары, салыктар жана башка карыздары тууралуу маалыматты алдын ала кантип текшерүү керектиги тууралуу сураган. Өз кезегинде министрликтин өкүлдөрү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик