COVID-19: Чакан жана орто ишканалардын төрттөн бир бөлүгүнүн ишмердүүлүгү калыбына келе элек

COVID-19: Чакан жана орто ишканалардын төрттөн бир бөлүгүнүн ишмердүүлүгү калыбына келе элек

COVID-19 пандемиясы чакан жана орто ишканаларга чоң таасирин тийгизди. Респонденттердин дээрлик төрттөн бири тигил же бул себептерден улам ишин уланта элек. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) ишканаларды өнүктүрүү боюнча техникалык кызматкери Мирза Мулешкович май-июль айларында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында билдирди.

Анын айтымында, сурамжылоого катышкандардын 11%ы жумушчуларга COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандыктан, 8%ы буюртмаларынын кыскарышынан жана 5%ы бийлик органдарынын буйругу менен ишин уланта электигин билдиришкен.

Ошол эле учурда респонденттердин жарымы гана ишин улантканын айтышкан. Дагы 21%ы ишмердүүлүгүн кайра жандандырса, 2%ы аны толугу менен токтоткон.

Сурамжылоого катышкандар пандемия учурундагы кыйынчылыктарды каражаттын жетишсиздиги (68%), чийки заттын жетишсиздиги (34%) жана товарларды жеткирүү көйгөйү (31%) менен байланыштырышкан. Ал эми 2021-жылы болсо респонденттер COVID-19 менен байланышкан жана каражаттардын жетишсиздигине (66%), чийки заттын жетишсиздигине (29%) жана товарларды жеткирүүгө (34%) байланыштуу көйгөйлөрдүн уланышын күтүшөөрүн айтышкан.

Суралгандардын үчтөн биринен көбү (34%ы) пандемиядан улам кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн айтышкан. Транспорт тармагы, транспорттук жабдууларды чыгаруу жана коммуналдык чарба тармагындагы ишканалардын 60%дан ашыгы бул маселеге туш болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи