Кара-Кечеден бир айда 200 миң тонна көмүр жүктөлдү – «Кыргызкөмүр»

Кара-Кечеден бир айда 200 миң тонна көмүр жүктөлдү – «Кыргызкөмүр»

Кара-Кечеде жумуш штаттык режимде жүрүп жатат, 15 күндүн ичинде 5613 машинеге көмүр жүктөлгөн. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» ишканасынын өкүлү Жийде Зоотбекова «Биринчи Радиого» билдирди.

«Бир айдын ичинде 200 миң тоннадан ашык көмүр жүктөлдү жана дагы ошондой эле тонна көмүр ачык турат. Кыргызстандыктар кооптонбой эле койсо болот», – деди ал.

Эскерте кетсек, күз-кыш мезгилинде КР 3 млн тонна көмүр жагат, бирок учурда «Кыргызкөмүр» ишканасы 200 миң тонна гана берүүгө даяр деп «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору Мирлан Жакыпов октябрдын башында ушул эле радиого берген маегинде билдирген болчу.

Анын ошондогу берген маалыматына ылайык, КР бир сезондо 3 млн тонна көмүр жагат, анын 1 млн 200 миң калк жагат. 240 миң тоннасы социалдык объекттерге кетет. 1 млн 600 миң тоннасын жылуулук борбору керектейт, бирок анын 600 миңи Казакстандан импорттолот.

Мирлан Жакыповдун айтымында, «Кара-Кече» акыркы 4-5 жылдан бери 455 миң тоннадан казып келе жаткан. Бирок быйыл өткөн жылга салыштырмалуу август айында 50%га артта калышкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 7-октябрында өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу көмүрдүн орточо керектөө баасы республика боюнча орточо эсеп менен алганда бир тоннасы 715 сомго же 16%га өскөн. Ал эми 21-октярдагы Улутстаткомдун берген маалыматына ылайык, көмүрдүн орточо баасы өткөн жылдын октябрына салыштырмалуу 832 сомго (дээрлик 19%) жогорулады.

Ал эми Монополияга каршы мамлекеттик агенттик облустар, райондор, Бишкек жана Ош шаарларындагы көмүрдүн баасынын максималдуу чегин белгилеген. Ага ылайык, көмүрдүн түрүнө жана өндүрүлгөн жерине жараша анын килограммынын акыркы баасы – 2.5 сомдон 9.5 сомго чейин, тоннасы 2400дөн 8700 сомго чейинки бааны түзөт. Баалар социалдык мааниси бар товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык белгиленген. Кара отундун баасын көзөмөлгө алуу 12-октябрдан тартып 90 күнгө киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи