«Керемет банктын» акциялары «B» категориясына көтөрүлдү

26-октябрда Кыргыз фондулук биржасы «Керемет Банк» ААКнын жөнөкөй акцияларын баштапкы «С» категориясынан жогорку «В» категориясына өткөрдү. Бул тууралуу КФБнын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин 29-июнда КФБ «Керемет Банк» менен «ФинансКредитБанкты»  киреше боюнча коюлган талаптарды аткарбагандыктан, алардын акцияларын төмөнкү «С» категориясына өткөргөн болчу.

Биржанын маалыматты ачыкка чыгаруу Борборунун билдиргени боюнча, 2021-жылдын I  кварталында «Керемет Банктын» таза зыяны, тагыраак айтканда, чыгашасы 25.8 млн сомду түзгөн. Азыр болсо аталган банк II кварталды 35.7 млн сом пайда менен аяктады.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды