Сурамжылоо: чакан жана орто бизнестин 42% формалдуу эмес секторго өтүү тууралуу ойлонушууда

Сурамжылоо: чакан жана орто бизнестин 42% формалдуу эмес секторго өтүү тууралуу ойлонушууда

Чакан жана орто ишканалардын дээрлик 80%ы пандемиядан улам формалдуу эмес жумуштардын көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) ишканаларды өнүктүрүү боюнча техникалык адиси Мирза Мулешкович май-июль айларында формалдуу экономикага өтүү боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, формалдуу эмес экономиканын өсүшүнүн эң жогорку деңгээли курулуш ишканаларында (85%), айыл чарба ишканаларында (84.6%) жана соодада (80.6%), ошондой эле мейманкана бизнесинде, туризмде жана коомдук тамактануу жайларында (70%) байкалган.

Ишканалардын көлөмү боюнча формалдуу эмес экономиканын өсүшү 51ден 250гө чейинки жумушчусу бар фирмалардын 92%ы  жана 51ге чейинки жумушчусу бар фирмалардын 78%ы тарабынан белгиленет.

Ошол эле учурда респонденттердин 42% формалдуу эмес секторго өтүүнү ойлонуп жатышканын билдирген. ЭЭУ муну расмий ишканалардын морттугу жөнүндө коңгуроо катары баалайт.

Сурамжылоого катышкандардын айтымында, формалдуу эмес экономиканы азайтуу үчүн биринчи кезекте салыктарды жана башка жүктөрдү азайтып, мамлекеттик колдоону күчөтүү зарыл. Башка чаралардын катарында респонденттер мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле формалдаштыруунун артыкчылыктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык иштерди аташкан.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт