Бекболот Алиев: көмүскөдөгү тамекинин көлөмү 2 млрд даана же 25-30%га жетет

Бекболот Алиев: көмүскөдөгү тамекинин көлөмү 2 млрд даана же 25-30%га жетет

Республикада көмүскөдө жүгүртүлгөн тамекинин көлөмү 2 млрд даана же 25-30%га жетет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиев бүгүн, 3-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал жыйында «2019-жылы декабрда Санкт-Петербург шаарында кол коюлган ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзамдын долбоору тууралуу баяндама жасады.

Баяндамадан кийин депутат Алмазбек Токторов: «Көмүскөдөгү тамеки азыктарынын соодадагы көлөмү канча, саны барбы, силерде божомолдор болуш керек» деген суроосун салды.

«Көмүскөдөгү тамекилердин көлөмүн эсептөө ар түрдүү методикаларга тиешелүү болуп турат, анткени аябай чачылган. Расмий ташып келип жаткан компаниялар 40%га чейин болуп кетти деп айтышууда. Ошол эле убакта официалдуу башка бир эсептөөлөрдө жалпы жүгүртүүдөгү тамекилердин саны 25-30% болуп жатат. Номинал менен алганда 2 млрд даана бар деген эксперттик баалоолор бар», – деди министрдин орун басары.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи