Энергетикалык кризис. Эксперт: министрлер кабинетинин бир гана чарасы калды, ал да – электр жарыгын өчүрүү

Энергетикалык кризис. Эксперт: министрлер кабинетинин бир гана чарасы калды, ал да – электр жарыгын өчүрүү

Жылытуу мезгили катастрофалык абалда. Эксперт Эрнест Карыбеков министрлер кабинетинин бир гана чарасы калды, ал да – электр жарыгын өчүрүү деп эсептейт. Бул тууралуу ал 28-октябрда «Кыргызстан энергетикалык кризистен канткенде чыга алат» аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш жылытуу мезгилинде электр энергиясын суткалык керектөө 60 млн кВт/сааттан ашса, ноябрдан мартка чейин Кыргызстан 9 млрд кВт/саатка жакын электр энергиясына муктаж.

«Бишкек шаарындагы ЖЭБ айына 300 млн кВт/саат, беш айда 1.5 млрд кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгат. Ошондо дагы 7.5 млрд кВт саат калат. Алдыдагы беш айда өкмөт 1.5 млрд кВт саат импорттой алат дегенге ишене албай турам. Оптимист болсок да 6 млрд кВт саат калат. Калганын кайдан алабыз?» – деди Карыбеков.

Эксперт 4 млрд кВт/саатты Токтогул ГЭСи, калган 2 млрд кВт/саатты каскаддар жана чакан ГЭСтер камсыз кыла аларын божомолдоду. Бирок мынчалык көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн Токтогул ГЭСи өзүндө болгон бардык суунун запасын — 12 млрд кубометрди жумшоосу керек. Карыбековдун айтымында, 1 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрүү үчүн 3 млрд куб суу керектелет.

«Мурда эле өчүрүү керек болчу, азыр да кеч эмес. Өкмөт 2022-жылдын 1-апрелине чейин 7-7.5 млрд куб метр сууну үнөмдөөнүн бирден-бир жолу – өлкөнүн 25%га жакын керектөөчүнүн жарыгын беш айга өчүрүү, балким, андан да көп убакытка», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт