USAID Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясын колдоого 2.8 млн доллар бөлдү

USAID Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясын колдоого 2.8 млн доллар бөлдү

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) КРнын COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн кошумча 2.8 млн доллар бөлөөрүн жарыялады. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы каржылоо эмдөө аракеттерин колдоого, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоонун маалымат тутумдарын жакшыртууга жардам берет.

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналар – COVID-19га каршы эң мыкты курал. Өмүрдү сактап калуу, экономиканы калыбына келтирүү жана вирустун жаңы варианттарынын пайда болуу коркунучун токтотуу үчүн биз мүмкүн болушунча көп адамдарды тезирээк эмдөөгө тийишпиз», – деди USAIDдин өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Кит Симмонс.

Бат университетинин вакциналар боюнча кыргызстандык эксперти Асел Сартбаева коронавируска каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолуп: «Бүгүнкү күндө вакциналар миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат, аны дарылоого караганда инфекцияны алдын алуу алда канча жеңил жана арзан. Азыркы вакциналар өндүрүлүп жатканда натыйжалуулугу жана коопсуздугу боюнча катуу сыноодоон өтөт. Клиникалык сыноолордун бардык маалыматтары ачык жеткиликтүү, ошондуктан ар бир адам аны көрүп, түшүнө алат. Мен Кыргызстанда жашагандардын баарын эмдөөгө чакырат элем. Бул сизди, үй-бүлөңүздү, туугандарыңызды жана айрыкча элдин аярлуу катмарын коргойт», – деди.

Берилген маалыматка ылайык, бул жаңы каржылоонун алкагында вакциналарды ташуу, сактоо жана башкаруу, ошондой эле эмдөөдөн кийин медициналык таштандыларды туура жок кылуу, вакцина боюнча кеңеш берүү сыяктуу иш-чаралар колдоого алынат. Булардын баары эмдөө кампаниясынын ийгиликтүү болушуна өтө маанилүү. Андан тышкары, дарыгерлер эмдөөдөн кийинки сейрек кездешүүчү кыйынчылыктарды аныктоо жана дарылоо боюнча атайын окуудан өтөт.

USAID каржылоону Abt Associates жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) аркылуу камсыздайт.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери АКШ КРга 8 млн доллардан ашык каражат бөлгөн. Бул каражат жеке коргонуу шаймандарын сатып алуу, лабораторияларды жаңыртуу, саламаттыкты сактоо маалымат системасын жакшыртуу, медициналык адистерди окутуу, жана кыргызстандыктарды COVID-19 тууралуу маалымат берүүгө багытталган.

Октябрда АКШ Кыргызстанга COVAX механизми аркылуу 250 миң дозадан ашык Pfizer вакциналарын берди.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Түндүк – Түштүк жолун суу каптап, каттам жабылды

Жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 3 тилкесине сел түшүп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Балыкчы – Жалал-Абад унаа жолундагы каттам убактылуу жабылды. Учурда министрликтин Жол экспулатациялоомекемеси тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарында күз-кыш мезгилине даярдык иштери жүрүүдө

Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдык көрүү менен жылуулук тутумундагы оңдоп-түздөө, жылуулук системасына турак жайларды кошуу жана отканалардагы оңдоо иштерин көрдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тийиштүү мекеме жетекчилери менен бирге штабдык жыйын өтүп, жылуулук берүү ишканасына калкка жана

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Жер казынасын пайдалануу тармагында салыктан качкандардан 250 млн сом өндүрүлдү

Башкы прокуратурасы айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын так сакталышына туруктуу прокурордук көзөмөл жүргүзүп келет. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагында милдеттүү салыктык жана рекультивациялык төлөмдөрдү төлөөдөн качуу фактылары аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча каражаты өндүрүлдү. Мындан тышкары, мыйзамсыз

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абадда жер көчкү алдын ала түшүрүлүүдө

Жалал-Абад облусунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыздоо жана жер көчкүлөрдүн активдешүү коркунучун азайтуу максатында жер көчкү массаларын мажбурлап механикалык түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иштерди ишке ашыруу үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталды. Мындай ыкма Кыргызстандын аймагында биринчи