10 айда бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 31 млрд сом түштү

10 айда бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 31 млрд сом түштү

Салык кызматы 2021-жылдын 10 айынын ичинде бюджетке камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүн 31 млрд 146.3 млн сом суммасында камсыз кылды, бул белгиленген пландан 6863 млн сомго же 102.3%га көп. 

Өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 880.6 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 118.6%ды түздү.

2021-жылдын октябрь айында суммасы 3 млрд 221.6 млн сомдук камсыздандыруу төгүмдөрү бюджетке түшкөн, бул болжолдуу көрсөткүчтөн 100.4%ды түздү же 11.6 млн сомго көп.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 429.9 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 115.4%ды түздү.

Салык кызматы  камсыздандыруу полистерин чогултуу боюнча планды да ашыгы менен аткарды. 

Алсак, 2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейинки мезгил ичинде (болжол менен) 729.3 млн сом чогулду, аткаруу  124.2%ды түздү же 142.3 млн сомго көп болду. 

Өткөн жылга салыштырмалуу 284.1 млн сомго көп чогулду же өсүү темпи 163.8%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бишкекте жазгы веложүрүш өттү

Бүгүн, Бишкек шаарында борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев баштаган кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер, ошондой эле үй-бүлөлөрү менен келген 2000ден ашуун шаар тургундары катышты. Шаардык мэриянын басма сөз кызмытынын маалыматына ылайык, веложүрүш Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында башталып, катышуучулар «Газпром — балдарга»

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

«Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, турак жайды каржылоо системасын өнүктүрүү жана КРнын жарандарына турак жайды жеңилдетилген шарттарда сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөп, "КРнын "Менин үйүм" мамлекеттик

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кыргыз спортчулары VI Азиянын пляждык оюндарына катышты

Кече Кытайдын Санья шаарында өтүп жаткан VI Азия пляждык оюндары жыйынтыкталды. Ага КРнын спортчулары дагы катышкандыгын Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өткөн. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн ат салышкан. Анын

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

Кыргызстандагы банктар май майрамдарында кандай иштешет: күн тартиби

2026-жылдын жумуш календарына ылайык, кыргызстандыктар май айында он күн бою эс алышат. 1-майдан 10-майга чейин созулуучу жазгы каникулдар күтүлүүдө. Узак дем алыш күндөрү каржылык маселелерди чечүүгө тоскоолдук кылбашы үчүн, майрам күндөрү коммерциялык банктардын иштөө убактысы боюнча кеңири маалыматты Экономист.kg даярдап чыккан. Эске алуучу нерсе: Банктар күн тартибин реалдуу убакыт